Милиция акыркы коңгуроо күнү кандай өткөнүн айтып берди

Жазылуу
25-май күнү милиция жол эрежесин бузган 735 адамга, анын ичинде жашы жете элек 35 өспүрүмгө айып салды.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Борбор калаада бүтүрүүчүлөр акыркы коңгуроону ызы-чуусуз өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билим берүү жайларында коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 600дөн ашык милиция кызматкери тартылган.

"Мектептердеги майрамдык иш-чаралар жыйынтыкталган соң топторго бөлүнгөн милиция кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтына, Жеңиш паркына, "Манас айылы", панорама сыяктуу эс алуу жайларына кайгуулга чыгышты. Мурдагы жылдары жол эрежелери, тартип бузуулар ушул жайлардын айланасында катталган", — деп жазылат маалыматта.

Бул күнү жол эрежесин бузган айдоочуларга 735 протокол түзүлүп, анын ичинде жашы жете элек 35 өспүрүм айыпка жыгылды. Кечээки күндүн жыйынтыгы боюнча окуучулар тарабынан коомдук тартипти бузган учур катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0