Ырчы Жийдеш Идирисова көз жарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанская эстрадная певица Жийдеш Идирисова
Кыргызстанская эстрадная певица Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөрпоз Стамбул шаарында өткөн эл аралык "Turkvizyon" ыр конкурсунда атаандаштыран ат чабым артта калтырып, биринчи орунду багынткан.

БИШКЕК, 26-май. — Sputnik. Белгилүү ырчы Жийдеш Идирисова көз жарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ырчынын жолдошу Андрей Догай билдирди.

Анын айтымында, Жийдеш бүгүн эртең менен кыздуу болгон.

"Кубанычыбыз койнубузга батпай турган учур. Кызыбызга Адель деген ат ыйгаралы деп чечтик. Учурда келинчегимдин, баланын да абалы жакшы. Улуу кызым бар, ал азыр 11 жашка чыгып калды", — деди Догай.

Эске салсак, Жийдеш Идирисова мындан эки жыл мурун Стамбул шаарында өткөн эл аралык "Turkvizyon" ыр конкурсунда атаандаштыран ат чабым артта калтырып, биринчи орунду багынткан.

Ырчы Жийдеш Идирисова менен маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0