Аймактык милиция 39 жашта! Аскат Сулайманов тууралуу 7 факты

© SputnikАктер и режиссер Аскат Сулайманов
Актер и режиссер Аскат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз киносунда милиция кызматкеринин образы менен элге сиңген кер мурут актёр Аскат Сулайманов 39 жашка чыкты. Актердун даңкы "Айыл өкмөтү", "24 саат", "Уурунун махабаты", "Апамдын махабаты", "Биринчи кадр", "Свет аке", "Президент жана бомж" жан башка тасмалар аркылуу узун элдин учуна тараган.

Эл көзүндөгү чыгармачыл инсан тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова кызыктуу 7 факты чогултту.

Сөөгү Кеминдики, эти Балыкчыныкы

— Аскат Сулайманов 1978-жылы 27-майда Балыкчы шаарында төрөлгөн. Эки эжеси жана карындашы бар. Атасы менен апасы болочок актер 1-класста окуп калган кезде ажырашып кетишкен. Түбү Кеминден болгону менен Балыкчыда өскөн. Апасы тикмечи болуп иштеп балдарын эч нерседен кем кылган эмес. Актер учурда атасы менен катышып турат.

1995-жылы Ленин атындагы 4-гимназия мектебин бүтүрүп, Алматы шаарындагы Темирбек Жургенов атындагы Театр жана кино институтуна тапшырган. 

© Фото / предоставлено Аскатом СулаймановымАскат Сулмайманов кесиптештери менен роль жаратуу маалында
Актер и режиссер Аскат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Аскат Сулмайманов кесиптештери менен роль жаратуу маалында

Сулайманов — суслик! Балалагы тууралуу бир үзүм

Актер жана режиссер Аскат Сулайманов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Аскат Сулайманов: чоң акчага карабай ачык эпизодго тартылуудан баш тартып келем
— Бала кезинде жайлоодо үч ай жүрөм деп биттеп кеткенин көп эстейт. Келгенде апасы кийимдерин өрттөп, чачын да алып салган. 6-класста окуп жүргөндө эки эжесин бир күндө эки жакка ала качып кетишет. Апасы иштегендиктен үй тиричилигине тиешелүү түйшүктүн баары кичинекей Аскаттын мойнуна түшкөн. Мектепте тентектик жагынан эч кимди алдынга салчу эмес. Ал бул тууралуу "7-класстагы кез. Марс, Сникерс деген шоколаддар жаңы чыга баштаган. Балдар менен шоколадга мелдеше кетип, Мунара деген классташ кызымдын кол чатырын көтөрүп алып үчүнчү кабаттан секирип кетип өлүмдөн араң калгам.

Кийин 11-класс болуп чоңоюп эле калганда Гүлзат деген классташ кызым мени дайыма эле "Сулайманов суслик" дей берди. Бир айтып бир койбойт. Анан "Чипп менен Дейл" мультфильминдеги чымындын атынан аны "Вжик" деп койдум. Класстын баары эле кыраан каткырык болуп жатып калышты. Ошондо катуу намыстанып "сени сабатам" дегенинен кыйын болуп "чакырчы жигит-мигитиңди" деп койгом. Бир күнү дүкөндө нанга кезекте турсам 5-6 бала келип "экинчи Гүлзатты "Вжик" дебе" дешти. Мен "айтам эле, ал деле мени "суслик" деп жатпайбы" дедим. Ошол жерден жабыла сабап киришти. Кечке маал көзүмдү ачсам дүкөндүн артында жатам. Кийин көл жээктен кармап алып алардан өчүмдү алгам" деп жылмаят. 

© Фото / Аскат СулаймановӨспүрүмдүн актер болуусуна Карагулдун ролун аткарып, байгелүү болуусу түткү болгон (Сулайманов ортодо)
Актер Аскат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдүн актер болуусуна Карагулдун ролун аткарып, байгелүү болуусу түткү болгон (Сулайманов ортодо)

Актер болбогондо милиция кызматкери болмок

— Актер атасыз өскөн. Көп учурда милиция кызматкери болуп иштеген жездеси жардам бергендиктен апасы "сен да жолун жолдойсуң" деген тилеги бар болчу. Мектепти бүтүп жатканда Таласта Манастын миң жылдыгына карата маданият үйүнүн кызматкерлеринин ортосунда чоң конкурс болуп, "Карагул ботом" спектаклинде Карагулду ойноп барат. Жыйынтыгында жаштар арасында мыкты роль наамын алып, диплом менен хрусталь ваза беришкен. Ал сыйлыктар актер үчүн Оскар сыйлыгына тете эле. Ошол сезим өспүрүмгө түрткү берип, актер болуусуна шарт түзгөн.

Милициянын ролун 8 тасмада ойногон

Борец греко-римского стиля Арсен Эралиев - Sputnik Кыргызстан
Арсен Эралиев боз ат минген 30 жашта! Балбан тууралуу кызыктуу 7 факты
— Аскат Сулаймановду бардыгыбыз аймактык тескөөчүнүн ролунан жазбай тааныйбыз. Театрда эч качан милициянын ролун ойногон эмес. Эрнест Абдыжапаровдун "Айыл өкмөт" тасмасына аймактык милицияны ойной турган киши бошобой калып, башка актер издей башташат. Аскат ал кезде Алматыдан окууну жаңы бүтүрүп келген жаш актерлордун бири экен. Абдыжапаровго пробага барганда дароо жактырышкан. Аймактык милициянын ролу үчүн 6500 сом төлөп беришиптир. Ошол тасмадан кийин калың журтка тааныла баштаган. Андан бери тасмада 8 жолу милиция кызматкеринин ролун ойногон.

Актер бул тууралуу "Шурикти ойногон актер "Гайдай меня породил, Гайдай и убил" деп айткан. Шурик учурунда "дүң" болгону менен кийин башка тасмаларга тартыла албай кыйналыптыр. Мен дагы бир жылга жетпей "милиция" деп элдин баарына таанылып кеткем. Тойго, кечеге, керек болсо спектакль ойноп жатсам "участковый экен" деген күбүр-шыбыр сөздөр угулчу. Андан кийин ичкичти, рэкетти, дарыгерди, чабанды, ишкерди ойнодум. "Президент жана бомж" тасмасында башкы ролду ойноп, Омор байке болуп аз да болсо элдин ою бөлүндү. Азыр бир ролго сиңип калам деп коркпойм" деп айтканы бар. 

© Фото / из личного архива Аската Сулайманова"Мен жеңил ойлуу мырзалардын ролун ойногондо "эй, Аскат кичине токтотпойсуңбу" деп бир-эки кишиден угуп калдым. Мага мүнөздүү ролдор жакын. Маселен ичкич, ууру, эки жүздүү, ток пейилинен келген манчыркаган адамдарды ойногум келбейт".
Актер и режиссер Аскат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
"Мен жеңил ойлуу мырзалардын ролун ойногондо "эй, Аскат кичине токтотпойсуңбу" деп бир-эки кишиден угуп калдым. Мага мүнөздүү ролдор жакын. Маселен ичкич, ууру, эки жүздүү, ток пейилинен келген манчыркаган адамдарды ойногум келбейт".

Ачык кадрлардан баш тартканга аракет кылат

— Аскат Сулаймановдун көңүлүнө төп келбеген ролго сунуш түшсө, бардыгын таарынтпай акырын жолго салат. Акча үчүн ылгабай роль ойноо туура эмес деп эсептейт. Актер "мен жеңил ойлуу мырзалардын ролун ойногондо "эй, Аскат кичине токтотпойсуңбу" деп бир-эки кишиден угуп калдым. Мага мүнөздүү ролдор жакын. Маселен ичкич, ууру, эки жүздүү, ток пейилинен келген манчыркаган адамдарды ойногум келбейт. Мындай ролдор менен элдин эсинде калуу кыйын. Ич кийимчен сыртта отуруп, душка түшүп жаткан кадрларды дагы жаман көрөм. Мындайлар биздин менталитетке туура келбейт экен. Ошол себептен көп тасмадан, клип, роликтерден акчасына карабай баш тартып келем" дейт. 

© Фото / предоставлено Аскатом СулаймановымАскат Сулайманов кесиптештери менен
Актер и режиссер Аскат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Аскат Сулайманов кесиптештери менен

Актерду Аскат кылган кер муруту тууралуу

— Кудай кебетени берсе, тебетейди таап кием деген бар эмеспи. Актер мурутун 11-классынан тарта коюп келет. Ал муруту менен алгачкы жолу Алжан Сарбагышевдин ролунда даректүү тасмага тартылган. Бүткөндөн кийин алдырып салып театрга барса кесиптештеринен "эмне ооруп атасыңбы, же түндө ичип алдың беле, шишип калыптырсың, сага мындай жарашпайт экен" дегенди көп угат. Актер мурутсуз жүрүү ыңгайсыз экенин сезип, ошондон кийин ага тийбей коюну туура көргөн.

Үй-бүлө, турмушу тууралуу

— 19 жашында Элмира аттуу курсташ кызына баш кошуп Арген, Арсен, Арлен аттуу уулдуу жана Айназик, Аделина деген кыздуу болгон. Бир жыл мурун никесин жаңырткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0