Майлуу-Сууда жер көчкүдөн улам жабылган жол кайра салына баштады

© Фото / пресс-служба МЧС КРСтроительство дороги Кара-Жыгач—Сары-Бээ
Строительство дороги Кара-Жыгач—Сары-Бээ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аймакта үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде болжол менен 18 000 метр куб жер көчкү Майлуу-Суу дарыясына түшүп сууну бөгөп калган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш участкасында жер көчкү жүрүп бөгөп калган Кара-Жыгач — Сары-Бээ унаа жолун кайра куруу иштери башталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде болжол менен 18 000 метр куб жер көчкү Майлуу-Суу дарыясына түшүп сууну бөгөп калган. Мунун кесепетинен ички чарбалык Кара-Жыгач — Сары-Бээ унаа жолу жабылып, Түштүк Кара-Жыгач айылындагы 37 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

"Жергиликтүү 21 үй-бүлө туугандарынын үйүнө, эки үй-бүлө Майлуу-Суу шаарынын колледжине жайгаштырылган. 1-майда ӨКМдин куткаруучулары тарабынан Сары-Бээде жашаган 550 кожолукка убактылуу тоонун борунан жөө адамдар өттүчү 1,5 чакырым жол кол менен казылып колдонууга берилген", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 26-май күнү, беш техника тартылып жол куруу иштери башталды. Жердин көчүшүнө алып келген тоо боорундагы жаракалар 1993-1994-жылдары пайда болгону айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0