Жекшембидеги аба ырайы. Айрым жерлерде түштөн кийин жамгыр жаайт

© AP Photo / Michael ProbstДождь во Франкфурте
Дождь во Франкфурте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Желаргы Бишкекте ысыкка аралжы боло албайт, синоптиктер шамал батыштан жүрүп, ылдамдыгы секундасына болгону 4-9 метрге жетерин кабарлашты.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Борбор калаада эртең түшкө чейин күн ачык болуп, кечке маал жамгыр жаап, добул болушу ыктымал. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматы маалымдады.

Майский снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күндөрү Москвада аба ырайы нөл градуска чейин төмөндөйт
Республиканын аймактары боюнча алсак, күндүн табы Таласта 25… 30 градуска көтөрүлөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ысык 27…32 градустун тегерегинде болот. Термометрдин көрсөткүчү Ысык-Көлдө 21…26, Нарында 22…27 градуска жогорулайт.

Ал эми Бишкекте күндүз 28…30 градус ысык болот. Желаргы ысыкка аралжы боло албайт, синоптиктер шамал батыштан жүрүп, ылдамдыгы секундасына болгону 4-9 метрге жетерин кабарлашты.

Экинчи борбор Ош шаарында күндүзү жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Күндү табы 30… 32ге градуска чейин жетип, аптаптуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0