Кандай аба ырайы уйкунун канбай калуусуна таасир берерин окумуштуулар аныкташты

Жазылуу
Мындай изилдөөнү жүргүзүүгө 2015-жылы Сан-Диегодогу аптаптуу аба ырайы себеп болгон.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Түн ичиндеги үп адамдын жакшы эс алуусуна терс таасир тийгизе турганын окумуштуулар аныкташты. Бул тууралу РИА Новости агенттиги Science Advances журналына таянуу менен билдирди. 

Цитрусовые гибриды - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар апельсинди жок болуп кетүүдөн коргоочу вирусту табышты
Мындай изилдөөнү жүргүзүүгө 2015-жылы Сан-Диегодогу аптаптуу аба ырайы себеп болгонун авторлордун бири Ник Обрадович айтат. Ал түндөгү үп адамдын уйкусуна кандай таасир берерине кызыккан.

Изилдөөгө 2002-жылдан 2011-жылга чейинки мезгил арасындагы медициналык маалыматтар алынып, алар метеорологиялык кызматтын абанын температурасы боюнча берген маалыматтарына салыштырылган.

Андыктан түн ичинде аба ырайынын 1 градуска жогорулашы жашоо шарты төмөн кишилер менен 65 жаштан жогорку курактагы кишилерге терс таасирин тийгизери аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0