КР муфтийи патриарх Кирилл менен экстремизм, терроризм маселесин талкуулады

© Фото / пресс-служба ДУМКПервый официальный визит главы Русской православной церкви Патриарха Московского и всея Руси Кирилла в Кыргызстан
Первый официальный визит главы Русской православной церкви Патриарха Московского и всея Руси Кирилла в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда Ислам жана Провославиянын эзелтен берки тынчтыгы туурасында дагы кеп болду.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москва жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Москванын жана бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Патриарх Кириллдин келишине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр жабылат
Жолугушууда тараптар адам баласынын жалпы касиеттик сапаттарын ойготуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, диндер аралык ынтымакты бекемдөө, эки мамлекеттин ортосундагы достук, Ислам жана Провославиянын эзелтен берки тынчтыгы туурасында пикир алышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар белек-бечкектерин ыйгарышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0