Алия Шагиева өзү тарткан сүрөттү сатып, акчасын кайрымдуулукка жумшады

© Фото / Владислав ПоповПрезидент Алмазбек Атамбаевдин кенже кызы, сүрөтчү Алия Шагиеванын архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин кенже кызы, сүрөтчү Алия Шагиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алия Шагиева бир жыл мурун өзү тарткан сүрөттөрдү сатуудан түшкөн 200 миң сомду кайрымдуулукка бергенден кийин тааныла баштаган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин кенже кызы Алия Шагиева өзү тарткан сүрөттү сатты. Мурдараак өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазганына караганда, бул эмгек 400 долларга бааланып жаткан. Сатуудан түшкөн бардык киреше Даун илдети менен жабыркаган балдардын ата-энелери уюштурган "Сантерра" коомдук фондусуна берилет.

"Өзүмө ыраазычылыктарды жана ойлогон ишимди аягына чыгууга дем-күчтү гана калтырам. Бул пейзажды тартып жаткан күндөрдүн аралыгында бир нече жолу өзүмө-өзүм жинденип, кайрадан күчүмдү бир муштумга чогултуп жаттым. Азыр эле эмгегимди сканерден өткөрүп алып, эми айрым каталары көзүмө көрүнүп жатат. Өзүмдү бир аз ыңгайсыз сезгендиктен, сиздердин колдоо сөздөрүңүздөрдү күтөм", — деди Шагиева.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Президенттин кызы Алия Шагиева тууралуу 6 факты
Ошондой эле ал сын пикирлерди дагы угууга даяр экенин айтып, ал кемчиликтерин келерки эмгектеринде эске аларын кошумчалады.

Өз билдирүүсүн жазгандан эки саат өткөндөн кийин ал сүрөттүн сатылганын жарыялады.

Алия Шагиева бир жыл мурун өзү тарткан сүрөттөрдү сатуудан түшкөн 200 миң сомду кайрымдуулукка бергенден кийин тааныла баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0