АКШдагы чиркөөдө азан чакырган мусулман Максат ажы Токтомушев болуп чыкты

© Фото / пресс-служба ДУМК Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев
Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диний мекемелер аралык тажрыйба алмашуу иш-чарасы АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. АКШдагы католиктердин чиркөөсүндө азан чакырган мусулман Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев болуп чыкты.  

 

Буга чейин социалдык тармактарга калпак кийген киши чиркөөдө азан чакырып жаткан видео тараган. 

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашкандай азанды муфтий Максат ажы Токтомушев чакырган.

Маалыматка караганда, ал 1-майдан 9-майга чейин Америка Кошмо штаттарында болгон.

Первый официальный визит главы Русской православной церкви Патриарха Московского и всея Руси Кирилла в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
КР муфтийи патриарх Кирилл менен экстремизм, терроризм маселесин талкуулады
Америка тараптын чакыруусу менен барган Токтомушев диний мекемелер аралык тажрыйба алмашуу, диндер аралык диалог, мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын кызматташуусу жана диний билим берүү боюнча жолугушууларга катышкан.

АКШдагы католик чиркөөлөрүнүн биринде Кыргызстандын муфтийи азан чакырган. Бул католиктердин уруксаты менен ишке ашкан.

Расмий сапарга Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысынан сырткары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев жана президенттик аппараттын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн адистери дагы барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0