Бишкекте кино жана музыкалык чыгармаларга болгон автордук укук талкууланат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСпектакль-путешествие "Remote Петербург"
Спектакль-путешествие Remote Петербург - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада радио жана телеберүүлөрдөгү музыкалык чыгармалардын автордук укук коргоо маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) аудиовизуалдык чөйрөдөгү автордук укук маселелери боюнча талкуу уюштурат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам
Иш-чарада кинематография чөйрөсүндөгү көйгөйлөр, анын келечеги, радио жана телеберүүлөрдөгү музыкалык чыгармалардын автордук укук коргоо маселелери көтөрүлөт. Мындан сырткары, аудиовизуалдык чөйрөдөгү автордук укук келишимдерди жөнгө салуу тажрыйбасы талкууланмакчы.

Тегерек столго Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, чыгармачыл уюмдардын, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын, телерадиокомпаниялардын жана кинотеатрлардын өкүлдөрү катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0