Медресе тарбиялануучуларына англис тили үйрөтүлүп баштайт

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-Байрама в регионах России
Празднование Курбан-Байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медреседегилерге англис тилин тандоодон өткөн мугалимдер үйрөтөт.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстанда диний окуу жайлардын окуучуларына, анын ичинде Оштогу медреселерде билим алган 100гө жакын балдар жана кыздарга англис тилин үйрөтүү пландаштырылууда. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин "Улуттук китеп аркылуу англис тилин үйрөнүү" долбоорунун алкагында 2014-2016-жылдары Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, мугалимдер жана казыят кызматкерлерин кошкондо, жалпысы 24 адам окутулган.

Медреседегилерге англис тилин тандоодон өткөн мугалимдер үйрөтөт.

"Бул процессти ишке ашыруу үчүн долбоордун 1-этабында англис тилин мыкты өздөштүргөн мугалимдер маектешүү аркылуу тандап алынат. Аларга төрт күндүк методикалык сабактар өтүлөт. Андан соң, сабак өтүүгө даяр болгон мугалимдер долбоордун окутуучусунун жардамы менен медресе окуучуларына англис тилин үйрөтүп башташат", — деп айтып берген "Чет тилчи мугалимдердин бирикмеси" форумунун президенти Асел Доромбаева.

Маалымат кызматы англис тилин окутуу үчүн колдонмо катары кыргызча китеп даярдалып жаткандыгын, ага дин боюнча тексттерди киргизүү процесси муфтияттын адистери менен биргеликте каралып чыгарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0