Дары аралашмасынан рахат алган өспүрүмдөр. Активисттер коңгуроо кагууда

© Sputnik / Алексей Панов / Медиабанкка өтүүДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурда Бишкектеги ооруканаларга, реабилитациялык борборлорго башы айланып, өзүн көзөмөлдөй албай калган абалга жеткен өспүрүм балдар-кыздар көбөйө баштаганын айтып, активисттер тынчсызданууда.

Жакында эле "Сезим" кризистик борборуна Бишкектеги мектептердин биринде 10-класста окуган кыздын апасы кайрылып, акыркы учурда кызынын жүрүм-туруму такыр эле өзгөрүп кеткенин айткан. Мунун себебин ата-энеси кызынын артынан аңдып жүрүп курбулары менен бирге дарылардан адамдын психологиясын өзгөрткөн аралашма жасап, аны колдонуп, рахат алып жүрүшкөнүн байкаган.

Бул маселе учурда Билим берүү, Саламаттык сактоо министрликтеринде да орчундуу болуп, активисттер коңгуроо кага башташты. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан атайын маалымат жыйын өткөрүп, адистердин пикирине назар салды.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, аларга кайрылган аялдын кызы 10-классты аяктаптыр. Айгүл (аты-жөнү өзгөртүлдү) курбулары менен эки жылдан бери дары-дармек аралашмасын колдонуп жүргөн.

Бишкектеги наркологиялык ооруканадагы бейтап. - Sputnik Кыргызстан
Жакындарым менин өлүмүмдү күтүп жатышат! Наркологиялык ооруканадан репортаж
"Айгүлдүн апасы бизге келип татынакай кызынын жүрүм-туруму баш айланткан дарылардын аралашмасынын айынан тез эле жаман жакка өзгөрүп кеткенин айтып, эмне кыларын билбей жатканын айтып кайрылды. Башында өткөөл курак болсо керек деп көп көңүл бурбаптыр, кийинчерээк жакшылап байкап жатып, үйүнөн ар түрдүү дарылардын сыртын таап, аны менен кызы ырахат алып жүргөнүн байкаптыр. Кызы менен бирге мындай жорукту эки-үч кыз да жасап, бирөөсүнүн боюнда болуп калган экен. Бул аралашмаларды колдонгондо адам өзүн-өзү башкарып, көзөмөлдөй албай калат экен. Коомубузда мындай көрүнүштү көмүскөдө калтырып салбай, баарылап күрөшүшүбүз керек", — деди Рыскулова.

Ал эми Саламаттык сактоо министрилигинин алдындагы өспүрүмдөр үчүн психикалык-реаблитациялык борбордун дарыгер-наркологу Мелис Исаков Айгүлдүкүндөй кырдаалга кабылып, учурда 20 бала каттоодо турганын билдирди.

"Бул сан өлкөдө 20 эле бала ушундай жагдайга кабылган дегенди түшүндүрбөйт, бул жаман адат менен алектенип жүргөн окуучу, студенттер толтура. Болгону алар же ата-энелер дарыгерге кайрылгандан коркот. Өспүрүмдөр баш айлантып, өзүн-өзү көзөмөлдөй албай калган аралашмаларды атайын интернет сайттардан көрүп алып жасашат. Ал тургай жөнөкөй эле жөтөлгө каршы сироп да бул аралашманын курамына кириши ыктымал", — деди дарыгер-нарколог.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы консультант Бермет Барктабасова мындай дарылар чет өлкөлөрдө тыкыр көзөмөлгө алынганын айтып, аларды дарыканаларда сатууга тыюу салынганын кошумчалады.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин алдындагы консультант Бермет Барктабасова
Консультант Министерства здравоохранения по доказательной медицине Бермет Барыктабасова - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы консультант Бермет Барктабасова

"Ал эми Кыргызстанда мындай дарылардын жеңил сатылбашы керектигин милиция кызматкерлери, ал тургай дарыканадагы сатуучулар өздөрү да билишпейт. Айрым рецепт менен гана берилчү дарылар деле текшерүүсүз сатылып кетип жатат. Ал үчүн тизмени кайра жаңылап, аны бажы кызматкерлеринен тарта мугалимдерге чейин колдоруна карматыш керек. Бул боюнча бизде да атайын документ топтолуп, Билим берүү министрлигине жөнөтүп жатабыз", — деди Барктабасова.

Маалымат жыйын учурунда Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова окуучулар, студенттер арасында бул маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын, бирок аны чечүүдө ата-энелердин да ролу чоң экенин билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова
Начальник Управления образования мэрии Бишкека Сауле Мейрманова - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова

"Азыр көпчүлүк ата-энелер эртеден кечке жумушта, баласы эмне менен алектенип жүргөнүн билбейт. Айтаарым, балдарды көбүрөөк театр, ар түрдүү акцияларга, жакшы маанай тартуулай турган иш-чараларга алып барса, мындай көрүнүш балким азыраак болмок. Бул жагынан ата-энелердин да салымы чоң болот. Өз кезегинде биз да колубуздан келген иш-аракеттерди көрүп жатабыз", — деди Мейрманова.

Белгилүү болгондой, акыркы учурда Тез жардам кызматынан тарта ооруканаларга да ушундай белгилер менен өспүрүмдөр көп түшө баштаган. Андыктан активисттер ар бир ата-энеге баласына байкоо салып, кокустан алардын жүрүм-турумунан башкача кыймыл-аракеттерди байкаса сөзсүз психолог же дарыгерге көрсөтүүнү сунушташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0