Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында 16-кесиптик лицейи менен таанышты

Билим берүү министри Оштогу 16-кесиптик лицей менен таанышты

268
(жаңыланган 20:06 31.05.2017)
Андан соң ОшМУнун кыргыз кытай факультетинин жаңы курулган имараты менен жатаканасынын ачылыш аземине катышты.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында 16-кесиптик лицейи менен таанышты.

  • Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында 16-кесиптик лицейи менен таанышты
    Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында 16-кесиптик лицейи менен таанышты
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Маалыматка ылайык, аталган окуу жайда миңге жакын студент 10 адистик боюнча билим алат.
    Маалыматка ылайык, аталган окуу жайда миңге жакын студент 10 адистик боюнча билим алат.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында 16-кесиптик лицейи менен таанышты

Маалыматка ылайык, аталган окуу жайда миңге жакын студент 10 адистик боюнча билим алат.

Кудайбердиева кесиптик лицейдеги окуу класстары, техникалык базасы менен жеринен таанышты.

Андан соң ОшМУнун кыргыз кытай факультетинин жаңы курулган имараты менен жатаканасынын ачылыш аземине катышты. Аталган имаратты курууга Кытай тарап 800 миң доллар бөлүп берген.

"Бул имарат биздин кызматташтыгыбызды, маданий салтыбызды бекемдөөгө негиз болот деп ишенем", — деди Кудайбердиева.

Мындан сырткары, Ош шаарында курулуш иштери токтоп калган Черемушка кичирайонундагы Исхак Раззаков мектебинин абалы менен таанышты.

268
Белгилер:
мектеп, Билим берүү жана илим министрлиги, Гүлмира Кудайбердиева, Ош
Тема боюнча
Улуттук университеттин ректорлугуна экс-министр Канат Садыков дайындалды