Борбордук мечитте ооз ачууну каалагандардын кезеги Орозо айы башталгыча эле толгон

Жазылуу
Борбордук мечитте ооз ачтырууга кезекке турууга жетишпей калгандар Бишкектеги башка мечиттерге барууда.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук мечитинде ооз ачтырам дегендердин да, ачам дегендердин да 30 күндүк кезеги Орозо айы башталгыча эле толуп калган. Бул туулалуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Ушул күндөрү борбордук мечитте 1500дөн ашуун адам ооз ачып жатат.

"Борбордук мечитте ооз ачууну жана орозо кармаган момун мусулмандарга тамак берүүнү каалаган жарандардын саны өтө көп. Рамазан айына чейин эле 30 күндүк кезек толуп калган", — деди Атабаев.

Аталган мечитте ооз ачтыруу үчүн кезекке турууга жетишпей калгандар Бишкектеги башка мечиттерге барышууда.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы 58 мечитте ооз ачуу иш-чаралары уюштурулуп жатат.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0