Кайырчылар. Архив

Чет элдик кайырчылар Кыргызстандын аймагынан чыгарылат

331
(жаңыланган 09:55 01.06.2017)
Бишкек милициясы шаар көчөлөрүнөн кайыр сураган 33 чет элдик жаранды кармаган. Алардын баары сот жообуна тартылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагынан кайыр сурап жүргөн 33 чет элдик жаран чыгарыла турганын ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Аларды борбор калаанын көчөлөрүнөн кайыр сурап жүргөн жеринен укук коргоо кызматкерлери кармаган. Сүрөткө тартып, манжа издери алынгандан кийин материалдар сот органдарына жиберилген.

Райондук соттор чет элдик кайырчыларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу боюнча өкүм чыгарышкан.

Милиция аталган багытта иш уланарын белгиледи.

331
Белгилер:
Кыргызстан, кайырчы, сот, милиция
Тема боюнча
Кайыр сурообу же бизнеспи? Уурдалган балалык, кыйылган ден соолук…
Бишкек шаардык №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Үмүт Саипова

Саипова: Кыргызстанда гепатиттин жаңы F жана G түрлөрү катталган эмес

5
(жаңыланган 14:40 03.08.2021)
Бишкек шаардык №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Үмүт Саипова Кыргызстанда гепатиттин жаңы F жана G түрлөрү катталган эместигин айтты.

Азыркы убакта сарык менен ооругандардын көбөйүшү саламаттык сактоо тармагынын дагы бир көйгөйү болуп жатат. Өлкөбүздө гепатит менен ооругандар 100 миң калкка 1000дей адам туура келет. Ал эми дүйнө жүзүндө аталган дарт менен жылына 50 миллион адам ооруйт. Россиянын статистикасы боюнча, жети миллиондой бейтап сарык менен күрөшүүдө. Бул тууралуу Үмүт Саипова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Саипова: Кыргызстанда гепатиттин жаңы F жана G түрлөрү катталган эмес

Анын айтымында, улуттук календарь боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайларга сарыкка каршы вакцина жасалат.

"Кыргызстанда гепатиттин A, B, C, D жана E түрлөрү бар. Ал эми F жана G түрлөрү катталган эмес. Сарык сасык тумоо менен ооруп жаткандай башталып, бара-бара күчөп, адам саргайып кетет. Мында боордун клеткалары талкаланат да, өз ишин толук аткара албай калып, организм интоксикация болот. Сарыктын А, Е түрүн кир колдордун оорусу деп коебуз. Жыл башынан бери №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна сарыктын жеңил түрүн жуктурган эки бала, бир чоң адам түштү. Бул гигиенага көбүрөөк көңүл буруп калганыбыздан кабар берет. Ал эми В, С, D парентералдык түрдө илдет кан аркылуу жугат. Азыр ооруну дарылоо жайларында парентералдык түрдө жуктуруп алгандар азайды. Учурда улуттук календарь боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайларга сарыкка каршы вакцина жасалат. Ал эми кан борборлорунда, лабораторияда иштеген дарыгерлер, хирургдар кан аркылуу жуккан сарык оорусуна каршы эмделет", — деди Саипова.

Дарыгер гемодиализ алгандар, ВИЧ/СПИД, гломерулонефрит, диабет менен жабыркаган бейтаптар жана башка өнөкөт оорусу барлар гепатитке каршы милдеттүү түрдө эмделерин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

5
Белгилер:
гепатит, дарт, алдын алуу, Үмүт Саипова
Тема боюнча
Азимбаева: гепатит сулуулук салондорунан да жугуп калышы мүмкүн
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов

Акжолдун агасы: балабыз чоң атасынан бата алып, алтын утууга сөз берип кеткен

24
(жаңыланган 14:34 03.08.2021)
Балбандын кичи мекениндеги туугандары жана жердештери финалдык кармашты Араван шаарында чоң экрандан көрүүгө камынып турушат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токиого жөнөп жатып чоң атасынан бата алып, алтын утууга сөз берип кетти. Бул туурасында спортчунун агасы (атасынын бир тууган иниси) Шарапидин Махмудов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, балбандын атасы фура айдап иштегендиктен жакында эле Россияга жүк ташып кеткен, учурда жолдо келе жатат. Ал эми эки агасы менен карындашы Бишкекте турат. Чоң атасы кичи мекени Араван районунда.

"Акжол Азия оюндарына бара электе телевидениеден кыргыз элине "Олимпиададан алтын утам" деп сөз берген. Ошондо сен 6 миллион элибизге убада берип жатасың десем "аба, мен сөзүмө турам" деген. Кетип жатканда дагы ошол сөзүн кайталап "аба, мен сөзүмө турам, кудай буюрса Олимпиада чемпиону болом" деп айтты", — деди балбандын агасы.

Махмудов өзү Араван шаарында жашайт. Финалдык беттешин түз эфирден көрүү үчүн "Белек" кино театрында чоң экран уюштурулган. Акжолдун туугандары, жердештери ушул жерден көрүүгө камынып турушат.

"Балабыз Араванга келип 82 жаштагы чоң атасынын батасын алып кетти. Акжолду биздин үй-бүлө эмес, кыргыз эли билип калды. Ал сөзүнө бекем турган, алдыга умтулган бала. Мага да жолугуп "Жакшы дем менен баратам, ийигилик менен кайтам. Аба, сарсанаа болбоңуз" деп кеткен. Ар бир мелдешке кеткенин күзөтүп турабыз, дайым сөзүнө туруп келет", — деди Махмудов.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарынын финалына чыккан. Алтын медаль үчүн бүгүн, саат 16:30да күрөшөт.

24
Белгилер:
Акжол Махмудов, күрөш, Араван району, финал, бата, үй-бүлө
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт
Бирде жигит төө минет... Акжолдун Токиодон элге кайрылган видеосу