Парктагы аттракцион. Архив

Эртеңден тарта "Ататүрк" жана "Асанбай" парктарындагы аттракциондор ишин токтотот

628
(жаңыланган 14:47 01.06.2017)
Ушул тапта Бишкек шаарында жайгашкан эс алуу жайларындагы аттракциондордун мыйзамдуулугу, техникалык талаптарга жооп берер-бербестиги текшерилип жатат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ататүрк" жана "Асанбай" эс алуу жайларындагы аттракциондордун ишмердүүлүгү 2-июндан баштап токтотулат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга аттракцион ээлеген жерлердин эч кандай уруксат кагаздары жоктугу себеп болууда.

"Эс алуу жайларынын ээлери жабдыктарын мыйзамсыз орнотуп, электр тогуна өзүм билемдик менен кошулган. Ал жерлерге Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору барып, аттракциондордун ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чечим чыгарышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ушул тапта Бишкек шаарында жайгашкан эс алуу жайларындагы аттракциондордун мыйзамдуулугу, техникалык талаптарга жооп бере-бербестиги текшерилип жатат.

Мыйзам бузуулар катталган сейил бактардагы аттракциондор дароо токтотулат.

628
Белгилер:
аттракцион, мыйзам, коопсуздук, Мамлекеттик экология-техникалык инспекциясы, Бишкек
Тема боюнча
Түркияда 15 метр бийиктикке көтөрүлгөн аттракцион жерге жетпей үзүлүп кетти
Ошто кулаган каруселден үч баласы менен жабыркаган аял өзүнө келди
Ош шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды

Карызы көбөйүп... Ошто Москвага жасалма билет сатты делген аял кармалды

55
Жабыркаган эки киши жасалма билетте көрсөтүлгөн убакта аэропортко барып, алданып калганын билишкен. Келин бул ишке карызы көбөйүп кетип барганын айтууда.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ош шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кармалган аял эки кишиге эки жасалма билетти 86 миң сомго саткан.

"Жасалма билеттин учуу күнү ушул жылдын 12-февралына белгиленген. Сатып алгандар анда көрсөтүлгөн убакта аэропортко барып, алданып калганын билишкен. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган Н.Н. аттуу аял үй-бүлөлүү, эки баласы бар экени аныкталды. Ал мындай ишке карызы көбөйүп кетип баргандыгын айткан", — деп жазылат маалыматта.

Учурда алдамчылыктын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн жаш балдары бар экени эске алынып, үй камагына чыгарылган.

55
Белгилер:
аял, кармоо, сатуу, билет, жасалма, Москва, Ош
Тема боюнча
Бизнес кылабыз деп аялдарды алдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео
Бирдиктүү салык декларациясы. Архив

Салык кызматы: декларация тапшыруу мөөнөтү бүгүн аяктайт, жетишип калгыла

30
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бүгүн, 1-мартта, юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү, тагыраагы, аны саат 00:00гө чейин тапшырып жетишип калуу керек. Бул туурасында Салык кызматынан эскертишти.

"Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат. Эске салсак, 1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын жергиликтүү уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

30
Белгилер:
бирдиктүү салык декларациясы, Мамлекеттик салык кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаров эртең Казакстанга барып кимдер менен жолугары белгилүү болду

26
(жаңыланган 12:02 01.03.2021)
Жапаров коңшу өлкөнүн биринчи адамдары, тунгуч президенти жана ишкерлери менен жолугушары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчы коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы белгиленди.

"Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз", — деп белгиледи Дүйшекеев.

Мындан сырткары, Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушары күтүлүүдө.

Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.

26
Белгилер:
иш сапар, жолугушуу, Казакстан, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга барат
Коңшулук мамилени арттыралы. Жапаров Өзбекстандын ТИМ башчысын кабыл алды