Газета. Архивдик сүрөт

КМШ, ЖЧК, ИДП, ААК... Аббревиатуралар кандай чечмеленет

11913
(жаңыланган 16:20 29.11.2017)
Кыскартылган сөздөр күнүмдүк турмушта кеңири колдонулуп келет. Бирок ал баш тамга менен жазылган сөздөр толук түрдө кандай аталарын билесизби?

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бүгүн "Тибиртке" рубрикасы кыскартылып жазылган мекеме, уюмдардын аталыштарынын толук жөндөлүшүн сунуштайт.

БУУ — Бириккен Улуттар Уюму

КМШ — Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги

ШКУ — Шанхай кызматташтык уюму

ЕККУ — Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму

ЕБ — Европалык Биримдик

ЕАЭБ — Евразия экономика биримдиги

ЕККУ— Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюму.

СССР — Советтик Социалисттик Республикалар Союзу

ФСК — "Сорос-Кыргызстан" фонду

ЭЭА — Эркин экономикалык аймак

ПРООН — Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы

UNICEF — Бириккен улуттар уюмунун балдар фондусу

USAID — Америка кошмо штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттиги

ИДП — Ички дүӊ продукциясы

ЖЧК — Жоопкерчилиги чектелген коом

ААК — Ачык акционердик коому

БШК — Борбордук шайлоо комиссиясы

ЖМК — Жалпыга маалымдоо каражаттары

ЖАМК — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы

УКМК — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

ТИМ — Тышкы иштер министрлиги

ӨКМ — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ИИМ — Ички иштер министрлиги

ОИИБ — Облустук ички иштер башкармалыгы

ШИИББ — Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы

РИИБ — Райондук ички иштер башкармалыгы

ЧЧК — Чоң Чүй каналы.

11913
Белгилер:
уюм, мекеме, сөз
Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
Тема боюнча
Ултаң, кырмызы, чукак... Эски сөздүн эбин таба аласызбы?
Эмигрант, де-факто, импичмент — дипломаттык терминдердин кыргызча мааниси
Жаңы конуш Калыс-Ордо. Архивдик сүрөт

Статусу жок жаңы конуш менен дачада жашагандар эми жөлөк пул ала башташат

34
(жаңыланган 16:31 15.07.2020)
Министр президент кол койгон мыйзамга ылайык, эми ата-энеси белгисиз, тоголок жетимдер дагы айына 2000 сомдон жөлөк пул ала турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Статусу жок жаңы конуш, дачаларда жашагандар эми социалдык төлөм ала башташат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров брифингде маалымдады.

Анын айтымында, 10-июлда президент аталган мыйзамга кол коюп, социалдык төлөм чегерүү эрежелери өзгөртүлгөн.

Түркиядагы кыргызстандыктар пенсия, жөлөк пул ала башташат. Күчүнө кирген документ

"Буга чейин статусу жок жаңы конушта, дачада жашагандар социалдык төлөм ала алчу эмес. Эми алар кайрылган жерден жөлөк пул берилет. Бир айдын ичинде биз токтом, жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизип чыгабыз дагы 30 күндөн кийин жөлөк пул төлөнө баштайт. Бардык муктаж адамдарга кайрылган жеринен кызмат көрсөтүлүп, социалдык төлөм берилет", — деди Кочкоров.

Ал президент кол койгон мыйзамга ылайык, эми ата-энеси белгисиз, тоголок жетимдер дагы жөлөк пул ала турганын кошумчалады.

"Буга чейин аларга акча чегерилчү эмес. Эми банктык эсеп ачылып, 18 жашка чыкканга чейин ошол эсепке айына 2000 сомдон которула берет. 18 жашка толгондон кийин алар акчаны атайын эсептен алуу укугуна ээ болушат", — деди министр.

Президент медиктердин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду

Кочкоров турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдарды тез арада табуу, аларга жардам көрсөтүү боюнча автоматташтырылган электрондук база түзүлгөнүн кошумчалады. Базада татаал шартта жашаган балдар тууралуу толук маалымат камтылган.

34
Белгилер:
жаңы конуштар, жетим, каражат, эреже, мыйзам, жөлөк пул, Улукбек Кочкоров
Тема боюнча
Кочкоров: 20 миңдей адам жеңилдетилген түрдө майыптыгын күбөлөндүрөт
Стационардагы койкалар. Архивдик сүрөт

Бишкекте дагы 110 кишилик эки стационар ачылат

21
(жаңыланган 16:25 15.07.2020)
Исакулов жаңы ачылганы жаткан стационарлар бир аптанын ичинде ишке кирет деп убада берди.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту менен "Альфа-Телеком" (MegaCom соода маркасы) ишканасы Бишкекте эки стационар ачышат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Жылдызбек Исакулов брифингде билдирди.

Ал жаңы ачылып жаткан стационарлар бир аптада ишке кирет деп убада берди.

Түнкү стационарлар түндө 300дөй кишинин жанына аралжы болду

"Аэропорттун аймагындагы спорттук зал 50 орундуу стационарга ылайыкташтырылып, медициналык зарыл каражаттар менен жабдылат. Мамлекеттик уюлдук оператор (Магаком) бир апта ичинде 60 кишилик стационар ачат", — деди Исакулов.

Мындан сырткары, Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасы өзүнүн базасындагы профилакторияда жана спорт залга 100 орундуу стационар уюштурулганын, ал жерге дарыгерлер тартылып, зарыл болгон жабдуулар жана дары-дармектер камсыздалганын кошумчалады.

Исакулов дарыгерлерге, жарандарга, жардам көрсөткөнү үчүн аталган ишканаларга жана башка мамлекеттик мекемелерге ыраазычылык билдирди.

21
Белгилер:
Жылдызбек Исакулов, коронавирус, стационар
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Күндүзгү стационар жана "Гансиден" чыккан таштанды кайда ыргытылат? ӨКМдин жообу
Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Сүрөт
Түнкү стационарлар түндө 300дөй кишинин жанына аралжы болду