Айдоочу. Архивдик сүрөт

Жол кырсыгына үйрөнчүк айдоочулар эмес, тажрыйбалуулар себепкер болот

174
(жаңыланган 13:12 02.06.2017)
Кыргызстандагы автомектептердин дээрлик жарымы алардын ишмердигинде мыйзам бузуулар бар экени тууралуу эскертүү алышкан.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы катталып жаткан жол кырсыктарынын көбүн тажрыйбалуу айдоочулар жаратат. Бул тууралуу Автомектеп жана машина ээлери ассоциациясынын вице-президенти Жылдыз Мурзабекова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда болгон маалымат жыйында билдирди. 

Вице-президент Ассоциации автошкол и автомобилистов Жылдыз Мурзабекова на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Автомектеп жана машина ээлери ассоциациясынын вице-президенти Жылдыз Мурзабекова

Эскерте кетсек, 11-майда Билим берүү министрлигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы 205 автомектептин 102синен мыйзамсыз аракеттерди аныктап, аларга эскертүү берген.

"Жол кырсыктарына автомектепти жаңы бүткөндөр эмес, тажрыйбасы 10, 20 жылдан ашкан айдоочулар себепчи болот. Мисалы, Бишкек — Алматы каттамы боюнча жүргүнчү ташыган айдоочулар Чүй облусунун аймагында жол эрежесин көп бузушат да, Казакстандын аймагына киргенде дароо үлгүлүү айдоочу болуп калышат", — деди Мурзабекова.

Ал ошондой эле жол кырсыгынын келип чыгышына бир гана айдоочулар менен мамлекет эле эмес, жөө жүргүнчүлөр дагы күнөөлүү экенин баса белгиледи.

"Жөө адамдар жолду туура эмес жерден кесип өтүшөт. Кишилер өтө турчу чийинден өтүп жатканда эки жагын карап, машинанын бар-жогун байкап, эгер болсо айдоочу машинаны токтотконго жетишеби же жокпу, ойлош керек. Бул жол кыймылынын эң жөнөкөй гана эрежеси", — деди ал.

Мурзабекова жол кырсыгына байланышкан көйгөйдү мыйзамдын деңгээлинде чечүү керектигин айтып, жарандык коом менен мамлекеттик органдарда тийиштүү иштерди жүргүзүү керектигин айтты.

174
Белгилер:
автомектеп, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунда машина сүзгөн жөө адам соккудан 2-3 метрдей учуп кеткен
Бишкекте эки унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Жабыр тарткандар бар
Киши жумуртканы алып жатат. Архив

Диетолог жумуртканы эртең мененки тамакка колдонбой эле коюуга чакырды

26
Адис йогурт, смузинин деле эч кандай пайдасы жок экенин белгилеген. Алар өтө жеңил болгондуктан ашказанда көпкө кармалбайт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Диетолог Елена Кален арыктоо үчүн сунушталган айрым азыктар, тескерисинче, курсакты тез ачырарын эскертип, аларды санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, мындай азыктардын катарына кургатылган жемиш, жаңгак кошулган батончик кирет. Анын курамында кумшекер да бар. Батончик организмди азыктандырбай турганы кошумчаланды. Тескерисинче, андан кандагы канттын деңгээли дароо көтөрүлүп же дароо түшүп кетет. Мындан улам курсак бат ача берет.

Диетолог йогурт, смузинин деле эч кандай пайдасы жок экенин белгилеген. Алар өтө жеңил болгондуктан ашказанда көпкө кармалбайт. Адис "аларды эртең менен эмес башка маалда десерт катары жегиле" деген кеңешин берген.

Елена Кален эртең менен жумуртка жебей эле коюуну сунуштаган. Себеби жумуртканын белогу тез эле сиңип, адамдын курсагын тез ачырат. Анын айтымында, эртең менен организм көбүрөөк калорий керектейт. Ошол себептен адис жумуртканы кечки учурга калтырып, таңда анын ордуна адамды ток алып жүргөн азыктарды, алсак, тоок этинен жасалган тамактарды сунуштаган.

26
Белгилер:
жумуртка, азык, йогурт, диетолог
Тема боюнча
Дарыгер шишкебекти даярдоодо кайсы кошулмаларды пайдалануу кооптуу экенин айтты
Арыктоого 20 мүнөт кетет. Кышында топтолгон салмактан арылуунун жолу айтылды
Кол чатырлар. Архив

Жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы

33
(жаңыланган 09:23 17.05.2021)
Аптанын экинчи жарымында өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөрү божомолдонууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги үстүбүздөгү жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада 17-19-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-майда күндүз бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 17-18-майда күн ачык болот. 19-майда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Таласта 19-майга чейин жаан жаабайт деп божомолдонууда. 20-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош облусунда 17-18-майда жана 19-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 20-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.

Жалал-Абад облусунда дагы өлкөнүн башка аймактарындай эле 19-майга чейин жаан-чачын болбойт. Андан соң айрым райондордо маал-маалы менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Баткенде аптанын экинчи жарымында айрым аймактарда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында шамал болушу ыктымал. 17-18-майда күн ачык болот.

20-майда айрым райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт.

21-майда тоолуу аймактарда суук болуп, кар жаашы күтүлүүдө. 22-майда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрбөйт.

33
Белгилер:
аба ырайы, апта, Кыргызстан
Тема боюнча
Адаттагыдан ысык болот! Май айына карата аба ырайы