Балдар майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтынан беш КамАЗ таштанды чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындан таштанды чыгаруу. Архив
Ала-Тоо аянтындан таштанды чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук аянтты тазалоо үчүн "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери беш саат эмгектеништи.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Ала-Тоо" аянты менен анын айланасынан 50 куб метр же беш КамАЗ таштанды алып чыкканын муниципалитет билдирди.

Майрамга карабастан "тазалыкчылар" аянтты тазалоону саат 21.00дө баштап, түнкү 2ге чейин улантышкан. Ага "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 60 кызматкери жана атайын техника тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0