Мэрия: Токтоналиев көчөсүндөгү кыйылган бактын ордуна 200 көчөт отургузулат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыйуу
Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыйуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтоналиев көчөсүндөгү бактардын кыйылышына жергиликтүү тургундар менен активисттер каршы чыгышкан.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндөгү кыйылган бактардын ордуна 200 көчөт отургузулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Ахунбаев көчөсүнөн Ала-Арча дарыясына чейинки аймактагы 143 бак кыйылышы керек. Алардын 70инин сөңгөгү чириген", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы липа менен зараңдын 208 көчөтүн жана жол бойлото жарым чакырымдык жерге бадал отургузат. Ошондой эле 335 метрлик декоративдик тосмолор орнотулмакчы.

Белгилей кетсек, Токтоналиев көчөсүндөгү бактардын кыйылышына жергиликтүү тургундар менен активисттер каршы чыгышкан. Алардын айрымдарын милиция кармап кеткен.

Тургундардын айтымында, "Зеленстрой" ишканасы жолду кеңейтүү үчүн дарактар кыйылып жатканын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0