"Манас эпосунда ислам дининин орду" аттуу китеп жарык көрдү

Жазылуу
Аталган китеп Кыргыз жана араб тилдеринде чыгарылган. Жазуучу Маматибраим Самиев анын автору болуп эсептелет.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ош шаарында "Манас эпосунда ислам дининин орду" аталышындагы китеп кыргыз жана араб тилдеринде жарык көрдү. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Аталган китеп жазуучу Маматибраим Самиевдин калемине таандык.

"Китептин автору Манас атабыздын ыймандуулугун, баатырдыгын, калыстыгын жана Ислам динин ыйык туткандыгын кеңири баяндап, ислам дининин таза, тынчтыкка багыттаган дин экендигин "Манас" эпосу аркылуу да жалпы элге жеткирүүгө аракет жасаган. Мурдараак бул китептин кыргыз, өзбек тилиндеги варианты чыгарылган болчу", — деп айтылат маалыматта.

Жаңыдан басылып чыккан китепти Ошто "Сулайман-Тоо" борбордук мечитинде өткөн жыйында дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков муфтий Максатбек ажы Токтомушевге белек катары тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0