Кыргызстандыктар Бишкектен Катарга кантип учарын ТИМ түшүндүрүп берди

Жазылуу
КР жарандары эми Дохага Дубай аркылуу жетүүсү кыйын болот. Себеби, авиакомпаниялардын бири каттамдарын токтотту.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Катарга уча турчу жарандарды авиакомпанияны алмаштырууга чакырат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Катар мамлекетинин борбору Доха шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Катар аны менен мамилесин үзгөн өлкөлөргө жооп кайтарды
Эскерте кетсек, 5-июнда Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн, Сауд Аравиясы жана Египет Катар менен дипломатиялык мамилелерди токтотконун жар салган. Аталган мамлекеттер Катар "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" террордук топторун колдоп, араб өлкөлөрүнүн ички чарбасына кийлигишет деп кине коюуда. Андан сырткары, Катарга болгон бардык аба, жол жана деңиз каттамдарына тыюу салынды. Буга кошумча транзиттик аба каттамдары дагы чектелген.

Дохага өз каттамдарын "Сауд авиажолдору", "Этихад" жана "Эмирейтс" авиакомпаниялары токтоткон. "Флай Дубай" компаниясы 6-июндан тарта Дубай — Доха — Дубай аба каттамын белгисиз мөөнөткө токтоторун жар салды. Аталган маалыматты авиакомпаниянын Бишкектеги кеңсесинен дагы тастыкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0