Лондондо жашаган кыргызстандыктар: терактыдан кийин 5-6 саат кафеден чыкпай отурдук

© REUTERS / Peter NichollsЛондон шаары. Архив
Лондон шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лондондо болуп өткөн кош теракт ал жатка жашаган кыргызстандыктарга кандай таасир эткенин билүү максатында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары мекендештер менен байланышты. Маалым болгондой акыркы болуп өткөн окуяга бир кыргыз жараны күбө болуптур.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшембиге караган түнү бейпил шаар делген Лондон шаарында теракт болуп, дүйнө элин дүрбөлөңгө салды.

© AFP / DANIEL SORABJIЖекшембиге караган түнү бейпил шаар делген Лондон шаарында теракт болуп, дүйнө элин дүрбөлөңгө салды
Жекшембиге караган түнү бейпил шаар делген Лондон шаарында теракт болуп, дүйнө элин дүрбөлөңгө салды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Жекшембиге караган түнү бейпил шаар делген Лондон шаарында теракт болуп, дүйнө элин дүрбөлөңгө салды
© REUTERS / NEIL HALLКалаанын борбордук бөлүгүндө кичи автобус айдаган үч адам Лондон көпүрөсүнөн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, андан соң унаадан чыгып өтүп бара жаткан адамдарды бычактаган
Калаанын борбордук бөлүгүндө кичи автобус айдаган үч адам Лондон көпүрөсүнөн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, андан соң унаадан чыгып өтүп бара жаткан адамдарды бычактаган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Калаанын борбордук бөлүгүндө кичи автобус айдаган үч адам Лондон көпүрөсүнөн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, андан соң унаадан чыгып өтүп бара жаткан адамдарды бычактаган
© REUTERS / HANNAH MCKAYКол салуунун жыйынтыгында жети адам каза болуп, 48 адам оор жаракат менен ооруканага жаткырылган
Кол салуунун жыйынтыгында жети адам каза болуп, 48 адам оор жаракат менен ооруканага жаткырылган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Кол салуунун жыйынтыгында жети адам каза болуп, 48 адам оор жаракат менен ооруканага жаткырылган
© Sputnik / Алекс Макнотон / Медиабанкка өтүүУшуну менен Улуу Британияда акыркы 2,5 айда үч жолу теракт катталды.
Ушуну менен Улуу Британияда акыркы 2,5 айда үч жолу теракт катталды. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ушуну менен Улуу Британияда акыркы 2,5 айда үч жолу теракт катталды.
1/4
Жекшембиге караган түнү бейпил шаар делген Лондон шаарында теракт болуп, дүйнө элин дүрбөлөңгө салды
2/4
Калаанын борбордук бөлүгүндө кичи автобус айдаган үч адам Лондон көпүрөсүнөн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, андан соң унаадан чыгып өтүп бара жаткан адамдарды бычактаган
3/4
Кол салуунун жыйынтыгында жети адам каза болуп, 48 адам оор жаракат менен ооруканага жаткырылган
4/4
Ушуну менен Улуу Британияда акыркы 2,5 айда үч жолу теракт катталды.

Калаанын борбордук бөлүгүндө кичи автобус айдаган үч адам Лондон көпүрөсүнөн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, андан соң унаадан чыгып өтүп бара жаткан адамдарды бычактаган. Кол салуунун жыйынтыгында жети адам каза болуп, 48 адам оор жаракат менен ооруканага жаткырылган. 

Ушуну менен Улуу Британияда акыркы 2,5 айда үч жолу теракт катталды.

Теракт на Лондонском мосту - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев Лондондогу терактыдан улам өлкө жетекчилигине көңүл айтты
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Лондондо жашаган айрым мекендештер менен байланышка чыгып, ал жакта болуп жаткан акыркы окуялардан кабар алып, мекендештердин ал-абалын сурап-билди.

Лондондогу италиялык ресторандардын биринде менеджер болуп иштеген Беккул Чыныбеков терактыга күбө болом деп ойлогон эмес. Окуяны өз көзү менен көргөн адам катары ал азыркыга чейин коркуп жүргөнүн жашырган жок.

"Ойдо эч нерсе жок эле жок кечки саат 21:30дар чамасында шаардын борбордук бөлүгүндөгү кафеге тамактанууга барганбыз. Жарым саат өтпөй эле көчөдө кыйкырык-сүрөөн болуп, полиция кызматкерлери келип сыртка чыкпай туруубузду буйруп кетти. Ошентип 22:00дөн баштап түнкү саат 3-4кө чейин бизди эч ким сыртка чыгарган жок. Анан чекесинен сыртка чыксак, куралчан полиция кызматкерлери "сак болгула, кылмышкерлер колго түшө элек" деп айтышты. Элдин баары ызы-чуу болуп үйүбүзгө эптеп жеттик. Азыркыга чейин кайсыл учурда эмне болуп кетет деген кичине коркуу сезими бар", — деди Чыныбеков.

Мекендештин айтымында, болуп өткөн окуядан кийин шаар бийлиги Лондондо жашагандарга эл көп жүргөн жерге барбай турууга чакырган.

"Дүйнөдөгү эң бейпил, тынч шаар делген жерде мындай окуя болгон соң, албетте, биз да кооптонуп калдык. Досторубуз менен көпчүлүк жүргөн жерлерге азырынча барбай турууну чечтик", — деди Чыныбеков.

Лондон шаарында 2002-жылдан бери жашап келе жаткан "Kyrgyz Parcel" кыргыз-британ туристтик компаниянын жетекчиси Нурдин Жаналиев мындай терактылар дүйнөнүн бардык бурчунда болуп жаткандыктан мекендештерге таасири тийбей турганын билдирди.

"Жалпысынан алсак, бир гана Лондондо эмес, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда мындай жардыруу, терактылар болуп жатат. Кудай сактасын, бирок болуп өткөн окуя мекендештерге терс таасирин тийгизген жок. Иштеп жатабыз, баары жакшы",— деди Жаналиев.

Британиядагы университеттердин биринде билим алган кыргызстандык студент кыз Лондондун жашоочулары терактыдан кийин мусулмандарды сөөмөйү менен көрсөтүп, жаман мамиле деле кылбаганын айтат.

Кыргызстан отпраздновал 24-ю годовщину обретения суверенитета. - Sputnik Кыргызстан
КР бейпилдикти сүйгөн өлкө рейтингинде АКШ менен Кытайдан озду
"Албетте, Лондондо болгон акыркы окуя элдин баарын дүрбөлөңгө салды. Анткени Британиянын борбору дүйнөдөгү эң тынч шаарлардын катарында болчу. Өлкөдө үч айда эле үч жолу теракты болду. Мындан улам кайсы учурда эмне болуп кетет деген коркунуч сезим менде деле болду. Бирок бул жактагылар экстремизм менен ислам динин жакшы эле айырмалай билишет "— деди ал.

Британиянын борборунда жашаган Илья Салютин бул көрүнүш убактылуу экенин айтып, баары өз калыбына келет деген ишеничте. Мекендеш ошентсе да интернет айдыңында чукул кырдаалда өзүңдү кандай алып жүрүү керектиги тууралуу билдирүүлөр көп тарай баштаганын кошумчалап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0