Шар саткан кичинекей Эрмекке үй берем дегендер калп айттыбы?

© Sputnik / Эмиль СадыровМальчик Эрмек, который продает шарики в Бишкеке
Мальчик Эрмек, который продает шарики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин "Дан мастер" компаниясынан Эрмекке бир бөлмөлүү батир берилет деген маалымат социалдык тармактарга тараган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Шариктен жасалган гүлдөрдү саткан Эрмектин таенеси Айсулуу апа убадаланган үйгө сертификат бериле электигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эске салсак, Бишкектеги соода борборлорунун биринде шариктен жасалган гүлдөрдү сатып таенесине жардам берген кичинекей Эрмекке курулуш компанияларынын бири үй берет деген маалымат социалдык тармактарга тараган. 

Айсулуу апанын айтымында, дүйшөмбү күнү батир убадалаган Арафат Турумбеков менен кошо анын офисине барган.

"Алар мага үй салынып жатканын айтып, бирок качан бүтөрүн маалымдашкан жок. Батир "Жал" же 12-кичи райондон берилет дешти. Бирок сертификат ала элекмин. Жакын арада келишимге кол коерумду гана айтышты. Макул деп кете бердим", — деди Эрмектин таенеси.

Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт - Sputnik Кыргызстан
Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт
Ал ошондой эле берилет делген батирдин салынып жаткан жерин көрө электигин маалымдады.

Кичинекей Эрмектин шариктен жасаган гүлдөрүн сатуу акциясы учурунда экс-депутат Жылдызкан Жолдошова дүйшөмбү күнү батир берилет деген компанияга Эрмектин үй-бүлөсү менен чогуу барып, чекти сүрөткө тартып Facebook баракчасына жүктөйм деп айтканын төмөнкү видеодон көрүүгө болот.

Бирок Жылдызкан Жолдошова Facebook баракчасына дүйшөмбү күнү да, шейшемби күнү да чекти жарыялабагандыктан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы экс-депутат менен байланышка чыкты.

Жолдошова: биз флешмобду колдоо үчүн гана барганбыз

"Бул акцияны активист Дайырбек Орунбеков өткөрдү, ага рахмат. Биз барып жөн эле колдоп койдук", — деген пикирин айткан Жолдошова башка сөз айтуудан баш тартты.

Эки балалуу болгондон кийин күйөөм таштап кетти... Майып келиндин арманы - Sputnik Кыргызстан
Эки балалуу болгондон кийин күйөөм таштап кетти... Майып келиндин арманы
Ал эми кичинекей Эрмекти колдоо үчүн акция уюштурган активисттердин бири Дайырбек Орунбеков бир бөлмөлүү батирди "Дан мастер" курулуш компаниясынын жетекчиси делген Арафат Турумбеков аттуу киши убадалаганын ырастаган.

Ал киши менен байланышка чыгуу үчүн Sputnik агенттигинин кабарчысы Юстиция министрлигинин порталынан "Дан мастер" компаниясы тууралуу маалыматтарды алганда компаниянын ээси такыр эле башка адамдар болуп чыкты. Тагыраагы, аталган компания Абды-Маннап Кудайбердиев менен Улан Исаков деген жарандарга жазылган.

Кудайбердиев кабарчыга эч кимге батир убада кылбаганын жана акция тууралуу биринчи жолу угуп жатканын билдирди.

Кудайбердиев: биз эч кимге батир убада кылган эмеспиз

"Мен "Дан мастер" компаниясынын жетекчиси болом. Батир берүү боюнча эч кандай сөз болгон эмес. Мен биринчи жолу угуп жатам", — деди Кудайбердиев.

Ал ошондой эле компания "Жал" же 12-кичи райондо эч кандай турак жай курбаганын белгиледи.

Суроо жараткан маселеге чекит коюу максатында Арафат Турумбеков менен байланышып, "Дан мастер" компаниясынын жетекчиси болосузбу?" деген суроого "ооба" деп жооп берүү менен кичинекей Эрмекке батир берилгенин маалымдады.

Турумбеков: Эрмекке батирди берип койгонбуз

"Батирди 12-кичи райондон берип койгонбуз. Батир бир бөлмөлүү. 3-4 күндөн кийин квитанция жазып беребиз", — деди Турумбеков.

Ал эми документ боюнча аталган компаниянын жетекчилери башка адамдар болуп чыкканын айтканда, Турумбеков компаниянын жетекчиси экенин же жетекчиси эмес экенин айтпастан, ал жакта үлүшү бар экенин билдирди.

Турумбеков: батирди өзүмдүн үлүшүмдөн бергем

"Биз эми 3-4 компания менен иштешебиз да. Батирди алар берген жок, мен берип жатам. Ал компанияда менин үлүшүм бар", — деди Турумбеков.

Ал ошондой эле өзү кайра байланышка чыгып, журналисттердин бул ишке кийлигишпөөсүн суранды.

"Мүмкүн бербей коем же эртең сатып берип коем, сенин кандай ишиң бар? Мен батирди Аллах үчүн берип жатам. Баарына өзүм жооп берем. Биздин фирмага, тияка-бияка чалганыңарды токтоткула", — деди Турумбеков.

Помощь семье 3-летнего мальчика Исхака - Sputnik Кыргызстан
Үстүнө үй, алдына коляска… Sputnik Кыргызстан каармандарынын тагдыры кандай өзгөрдү
Ал ошондой эле курулуп жаткан батирди көрсөтүүдөн баш тартканы менен жакын арада Эрмекке үй берерин айтты.

Ал эми "Дан мастер" компаниясынын жетекчиси Абды-Маннап Кудайбердиев Арафат Турумбековду тааныбай турганын, анын компанияда эч кандай үлүшү жок экенин жана Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына келип, Турумбеков менен бетме-бет жолугушууга даяр экенин белгиледи.

Кичинекей Эрмекти колдоо акциясын уюштурган Дайырбек Орунбеков дагы Арафат Турумбековду мурда-кийин тааныбай турганын билдирди.

"Ал кишини тааныбайм, үй берет деп күткөн эмеспиз. Биз болгону гүлдөрдү сатмакпыз. Элден чогулган каражат кийин дагы уланып, жалпы 140 миң сомдой акча Айсулуу апага берилди. Мындан башка Эрмекке ноутбук, телефон, велосипед, окуу курсуна сертификат бергендер болду. Ал эми Турумбеков үй берсе да, бербесе да өзүнүн намысында деп ойлойм", — деди Орунбеков.

Белгилей кетсек, кичинекей Эрмектин таенеси Айсулуу апа шариктен жасалган гүлдөрдү сатуудан түшкөн каражат колуна тийгенин Sputnik Кыргызстан агенттигине ырастады.

P.S. Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын уланышын көзөмөлгө алуу менен тараптардын пикирин мындан ары да чагылдырууга даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0