Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПлощадь Борцов революции в городе Бишкек
Площадь Борцов революции в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Шаршембиге караган түнү жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жалал-Абад облусундагы Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп 60 метрлик тосмону алып кетти - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад: Кара-Үңкүр дарыясы көтөрүлүп 60 метрлик тосмону алып кетти
Ага ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарында күн бүркөлүп, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 20…25 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 23…28 градус, Ысык-Көл менен Нарында 18…23 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында эртең менен жамгыр нөшөрлөп, түштөн кийин күндүн көзү көрүнөт. Абанын температурасы 25-27 градус жылуу болору божомолдонуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0