БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россиянын Татарск шаардык ооруканасында хурург болуп иштеген кыргызстандык Мелис Толтоев Новосибирск облусу боюнча өткөрүлүп жаткан "Жылдын мыкты дарыгери" номинациясына көрсөтүлдү. Бул маалыматы Sputnik Кыргызстан агенттигине дарыгер өзү тастыктап берди.
Аталаган номинацияга облустун мыкты делген 20 дарыгери ат салышып, учурда аларга интернет аркылуу ачык добуш берилүүдө. Андагы рейтинг боюнча мекендешибиз экинчи орунда келе жатат.
"Алгач 2009-жылы Казань шаарына аспирантурага тапшыргам. Аны бүтөрүм менен 2012-жылы келишимдин негизинде бул ооруканага келип иштеп баштадым. Бизде жалпы 130га чукул дарыгер эмгектенет. Жетекчиликтин мындай номинацияга оорукананын атынан мени көрсөткөнү өзүм үчүн да күтүүсүз болду", — деди дарыгер.
Толтоевдин айтымында, жалпы Россия боюнча медицина жаатында эмгектенген кыргыздардын саны 1000ге чукулдайт. Ал иштеген ооруканага да жаңыдан окууну бүткөн кыргызстандык эки жаш адис жумушка орношкон.
Мелис Толтоев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында 1985-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.
Медицина илимдерин кандидаты, илимий 40 макаланын жана 5 ойлоп табуунун автору. 2012-жылы Россиядагы жаш окумуштуулар конференциясында биринчи орунду ээлеген.