Июндун соңунда залкар талант Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгы белгиленет

© Фото / Александр Федоров"Первому учителю" — 50 лет или Почему Кончаловский снял "обнаженку"
Первому учителю — 50 лет или Почему Кончаловский снял обнаженку - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер 2001-жылдын ноябрь айында күтүүсүз жерден дүйнө салган.

БИШКЕК, 7-июн — Sputnik. Июнь айынын акыркы жумасында КР Эл артисти Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өтө турганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында залкар талант Муса Баетов эскерилет
Негизги эскерүү иш-чарасы актердун туулган күнүнө карата 25-июнда Кемин районундагы Болот Бейшеналиев атындагы орто мектепте болмокчу. Ал эми 27-июнь күнү Кино үйүндө аны маданияттын, исскуствонун жана кинонун көрүнүктүү өкүлдөрү эскеришет.

Болот Бейшеналиев 1937-жылдын 25-июнунда Кемин районунда жарык дүйнөгө келген. 1958-жылы Александр Островский атындагы Ташкент театралдук институтунун актердук чеберчилик факультетине тапшырган. Өз карьерасында 100дөн ашык тасмага тартылган.

"Биринчи мугалимдеги" Дүйшөн агайдын, "Ак-Мөөрдөгү" жылкычы Болоттун, "Зеница ока" тасмасында окумуштуу Эркиндин ролдору сыяктуу чоң эмгектери менен күйөрмандар жүрөгүнөн түнөк таба алган.

2001-жылдын ноябрь айында күтүүсүз жерден дүйнө салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0