Чүйдө жоголуп кеткен үч бала Өзгөндөн табылды

Жазылуу
Ата-энелер балдарын алып келүү үчүн Ошко жөнөп кетишти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Чүй облусунда жоголгон үч бала Өзгөндөн табылгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына регионалдык ИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

5-июнь күнү Чүй облусунун Панфилов районунан бир маалда үч бала жоголуп кеткен. Окуя кечки саат 18.30дар чаласында болгон.

Жоголгондор 12 жаштагы Рамазан, 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбековдор жана 10 жаштагы Айгерим Сыдыкова болчу.

"Балдар Ош облусунун Өзгөн районунан табылды. Көрсө алар туугандарынын үйүнө кеткен экен. Окуучулар кантип республиканын бир жагынан экинчи жагына жеткендиги азырынча белгисиз. Үчөөнүн тең акыбалдары жакшы", — деп айтылат билдирүүдө.

Ата-энелер балдарын алып келүү үчүн Ошко жөнөп кетишти.

Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар тууралуу Sputnik Кыргызстан лонгридинен көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0