Адис: Бишкектен башка аймактарда дарактардын саны өсүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековГосрезиденция "Ала-Арча" в Бишкеке
Госрезиденция Ала-Арча в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СССР убагында Бишкек жашыл шаар катары эсептелсе, эми аны минтип атоого мүмкүн эмес.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекти эске албаганда Кыргызстандын аймагында дарактар отургузулган аянттар кеңейип жатканын "Жашыл" экономика программасынын адиси Михаил Пелях Экономика министрлигинин адам өнүктүрүү боюнча улуттук докладынын презентациясы учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, Адамдарды туруктуу өнүктүрүү индекси боюнча (анын ичине айлана-чөйрөнү коргоо дагы кирет) Бишкек шаары дарактардын саны боюнча башка аймактардан артта калып баратат.

"Бишкек — дарактардын саны азайып кеткен жалгыз регион. Башка облустарда бактардын саны көбөйүүдө. Биз 2005-жылдан берки маалыматтарды салыштырып чыктык", — деди Пелях.

Ал ошондой эле буга чейин Бишкек эң жашыл шаарлардын катарын толуктап келгени менен учурда кайра артка кетип баратканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0