Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы аскер базаларын чыңдайт

© Фото / пресс-служба Авиабазы ОДКБ КантКант авиабазасындагы аскер учагы. Архив
Кант авиабазасындагы аскер учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергей Шойгу Борбор Азия мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнө жардам берилип, алардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы аскер базаларын жаңы аскер куралдары менен чыңдайт. Мындай кадам Афганистандагы террордук активдүүлүктүн Борбор Азия аймагына ооп жатышынан улам ага каршы туруу үчүн жасалып жатканын Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Генерал-майор, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Медетбеков: Кыргызстанда аскерий курал жетиштүү
Шойгу мындай пикирин Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынында айткан. Ал ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнө жардам берилип, алардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Министр март айында Тажикстанда аймактагы өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү террордук аракеттерге каршы машыгууларды өткөргөнүн, андан сырткары, сентябрь айында ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук аскер контингентинин ушундай эле машыгуулары өтөрүн баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0