Апа, мени кечириңиз! Сирияда жүрөт делген кыргызстандыктын видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековВидео, снятое кыргызстанцем, предположительно, в Сирии. Фото со страницы Facebook пользователя Адиль Айтикеев
Видео, снятое кыргызстанцем, предположительно, в Сирии. Фото со страницы Facebook пользователя Адиль Айтикеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камуфляжчан белгисиз киши бетин жаап, көз айнек тагынып отурган жеринен өзүн видеого тарткан. Анда катуу чыккан автоматтын үндөрү угулуп турат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Facebook тармагына Сирияда жүрөт делген кыргызстандык кишинин видеосу жарыяланды. 

Камуфляжчан белгисиз киши бетин жаап, көз айнек тагынып отурган жеринен өзүн видеого тарткан. Анда катуу чыккан автоматтын үндөрү угулуп турат.

"Менин убактым аз. Бизди азыр курчап алат го. Жаңы эле ары жактагы эки кварталды талкалашты. Мен тирүү калбайт окшойм. Апа, мени кечирип коюңуз. Мен бул жакка келип туура эмес кылыптырмын. Булар күнөөсүз балдарды өлтүрүп, аялдарды зордукташат экен. Эмне үчүн согушуп жатканыбызды түшүнбөдүм. Буйрукту ким берип жатканын да билбейм. Бул биздин согуш эмес. Күнөөлүү уулуңузду кечириңиз, апа!" — деген ал.

Айрым маалыматтар боюнча "Ислам мамлекети" террордук уюмуна жүздөгөн кыргызстандыктар өтүп кеткен. Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сирияга үй-бүлөсү менен бара жаткан кыргызстандыктар артка кайтарылганын билдирген.

Бул видео чынында Сириядагы салгылашуу учурунан тартылып жөнөтүлгөнбү же монтаждалганбы, белгисиз. Видео боюнча УКМК азырынча комментарий бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0