Сот Чотоновдун баш коргоо чарасын жеңилдетүү талабын канааттандырган жок

© Sputnik / Расул УсеналиевЭкс-элчи Дүйшөнкул Чотонов сот залында
Экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов сот залында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май райондук сотунда коррупцияга айыпталып жаткан саясатчылар Текебаев менен Чотоновдун соту жүрүп жатат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүнкү сот жараянында экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын жеңилдетүү боюнча адвокат Бактыбек Жумашовдун өтүнүчүн сот ишине төрагалык кылган Айбек Эрнис уулу канааттандырган жок.

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда коррупцияга айыпталып жаткан саясатчылар Текебаев менен Чотоновдун соту жүрүп жатат.

Жактоочу Жумашов буга чейин күнөөлөнүп жаткан Чотоновдун иши боюнча күбөлөр суралганын жана анын буга чейин соттолбогонун жүйө келтирип, баш коргоо чарасын жеңилдетүүнү суранган.

Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары Боштондук, боштондук деп кыйкырышты - Sputnik Кыргызстан
Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары "Боштондук, боштондук" деп кыйкырышты
Соттун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар Чотонов Кылмыш жаза кодексинин оор беренеси боюнча соттолуп жаткандыктан баш коргоо чарасын камакта калтыруу керектигин айтышкан.

Жактоочу соттун мындай чечимине макул эместигин айтып, даттанаарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгоп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берген.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. 21-апрель күнү Биринчи Май райондук соту эл өкүлү Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырган. Текебаевдин үстүнөн "Альфа Телеком" компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алганын айтып, депутаттын үстүнөн россиялык бизнесмен Леонид Маевский арыз жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0