Балдарды каникулда кайда жиберүү керек? Жайкы лагерлердин баасы жана картасы

1141
(жаңыланган 14:08 09.06.2017)
Картада Бишкек шаарында, шаардын чет жагында жайгашкан жана Ысык-Көл облусундагы жайкы балдар лагерлери белгиленген. Толук тизмени көрүү үчүн картанын жогорку сол тарабындагы атайын белгини басыңыз. Лагердин атын басканда анын баасы, шарттары жана даректери менен телефондору чыгат.

Окуу жылы аяктап, балдар жайкы каникулга тарады. Бул учурда ар бир ата-эне баласын кайда жиберип, эмне менен алектендирүүнү ойлоно баштайт эмеспи.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги июнь айынан август айына чейин иштеген балдар лагерлеринин даректерин картага түшүрүп, бааларын жана шарттарын сураштырды.

Тизмеге киргизилген лагерлердин дээрлик бардыгында балдардын коопсуздук эрежелери эске алынган. Балдар эс алууда алардын автобус, унааларын милиция кызматкерлери коштоп, мыкты педагогдор иштешет. Мындан сырткары, чүрпөлөр бир гана эс алып келбестен билим деңгээлин, дүйнө таанымын кеңейтип, дос күтүүсүнө шарт түзүлгөн.

"Дино" жайкы лагери

Акысы: 21 күнгө 15000 сом. Анын ичинде эки жума Бишкекте, бир жума Ысык-Көлгө барып эс алып келишет.
Шарттары: 7-12 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Бишкек шаары, Майкопский өтмөгү
Телефондору: 0312 46 14 65, 0555 46 14 65

"Точка роста" жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 8000 сом, 9:00 – 18:00гө чейин.
Шарттары: 6-14 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Бишкек шаары, Юнусалиев көч, 132.
Телефондору: 0312 51 29 10; 0555 73 08 73

"РекаЛето" жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 5000 сом. Бир күндүк тамагына кошумча 150 сомдун тегерегинде акча алынат
Шарттары: 6-14 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Кошумча акчанын ичине төрт маал тамагы кирет
Дареги: Бишкек шаары, Манас проспектиси, 56

AMERICAN SCHOOL жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 7500 сом.
Шарттары: 7-17 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көч, 52
Телефондору: (312) 90-84-59

"Флиппер" жайкы лагери

Акысы: 14 күнгө 4500 сом, 08:00дөн кечки саат 18:00гө чейин
Шарттары: 6-12 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Матросов-Скрябин көчөлөрүнүн кесилиши
Телефондору: 0551 81 83 91, 0551 91 94 30

"Сказка" жайкы лагери

Акысы: 1 айга 7500 сом
Шарттары: 6-9 жашка чейинки балдарды кабыл алат
Дареги: Чуйков көчөсү, 153
Телефондору: 0556 113 008, 0772 205 008

"Радуга" жайкы лагери

Акысы: 1 айга 7500 сом
Шарттары: 6-11 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: 3-кичирайон
Телефондору: 0550 90-90-20

Бишкектин чет жагында жайгашкан лагерлер

"Sun City Кегети" жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 10000 сом

Шарттары: 7-15 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен

Дареги: Кегети капчыгайы, Бишкек шаарынан 75 чакырым алыс жайгашкан

Телефондору: 0770 54 70 54

"Строитель" жайкы лагери

Акысы: 3 күнгө 580 сом. Ошондо 12 күнгө 6960 сом
Шарттары: 6-16 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Жал айылы, Бишкек шаарынына 5 чакырым алыс жайгашкан
Телефондору: 0707 857 777, 0701 337 337.

"Билимкана" жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 12000 сом.
Шарттары: 7-17 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Чоң-Кемин району, Шабдан айылы, Билимкана-Шабдан мектеби
Телефондору: 0555 630-022

Беш-Күңгөй айылындагы жайкы лагерь

Акысы: 7 күнгө 4800 сом
Шарттары: 6-14 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Аламүдүн району, Беш-Күңгөй айылы
Телефондору: 0555 508 698, 0772 520 160

"Билимкана-Кербен" жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 11000 миң сом
Шарттары: 7-17 жашка чейинки балдары кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Жалал-Абад облусу, Кербен шаары
Телефондору: 0555 630-022

Ысык-Көлдөгү жайкы лагерлер

"Сутосен" жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 10000 сом
Дареги: Ысык-Көл, Барскоон айылы
Шарттары: 8-15 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Телефондору: 0702 14 08 91

Jetigen жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 15000 сом

Шарттары: 9-16 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Ысык-Көл облусу, Бостери айылы
Телефондору: 89 17 88, 0557 787 700, 0770 787 700, 0703 787 700

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы "Ден-соолук" балдар лагери

Акысы: 12 күнгө 6000 сом
Шарттары: 7-14 жашка чейинки балдарды кабыл алат, төрт маал тамагы менен
Дареги: Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары
Телефондору: 0777 179 659, 0700 546 014

British language Centre жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 10000 сом
Шарттары: 7-16 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Англис тилин тереңдетип үйрөтөт. Беш маал тамагы менен
Дареги: Ысык-Көл облусу, Корумду айылы
Телефондору: 88 09 38

Cambridge Schooll жайкы лагери

Акысы: 10 күнгө 7000-8500 сом
Шарттары: 7-18 жашка чейинки балдарды кабыл алат, төрт маал тамагы менен, англис тилин тереңдетип үйрөтөт
Дареги: Ысык-Көл облусу, Сары-Ой айылы
Телефондору: 0553 552 298

"Жалын" балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору

Акысы: 10 күнгө 7 600 сом
Шарттары: 7-17 жашка чейинки балдарды кабыл алат, беш маал тамагы менен
Дареги: Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары
Телефондору: 0550 560 540, 0312 51 87 04

"Барчын" балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору

Акысы: 10 күнгө 12000 сом
Шарттары: 7-16 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Беш маал тамагы менен
Дареги: Ысык-Көл облусу, Сары-Ой айылы
Телефондору: 0777 378 378, 0555 578 578

"Радуга" жайкы лагери Акысы: 10 күнгө 12000 сом

Шарттары: 7-16 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Беш маал тамагы менен
Дареги: Ысык-Көл облусу, Бостери айылы
Телефондору: 0555 90-90-20

"Орленок" жайкы лагери Акысы: 10 күнгө 5000 миң

Шарттары: 7-15 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Ысык-көл, Сары-Ой айылы
Телефондору: 0553 25 44 25, 0773 75 44 75

"Дзержинец" жайкы лагери Акысы: 10 күнгө 6000 сом

Шарттары: 8-16 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Төрт маал тамагы менен
Дареги: Ысык-Көл облусу, Чок-Тал айылы
Телефондору: 555 15-00-35.

1141
Белгилер:
каникул, лагерь, эс алуу, бала, Чүй облусу, Ысык-Көл, Бишкек
Тема боюнча
ЖК: 3 жашка чейинки бардык балдар жөлөк пул алышы керек
Көз таңмай, төө басты, орто топ... Аң-сезимди өстүрчү улуттук оюндардын эрежеси
Атамбаев: балдар үчүн жаңы онкологиялык борбор курулат
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков

Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

4
Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков өлкөдө кышкы туризм да киреше алып келе албай тургандыгын айтып, бул тармактагы ишкерлерге тынчсызданды.
Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда

Коронавирустун таасиринен улам болгон туризм тармагындагы кризистин таасири алдыда билинет. Мындай пикирин Эрмек Мырзабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус туризм бизнесин эки доорго бөлүп койду.

Кыргызстанда туризм тармагында канча адам ишсиз калды. Кейиштүү сандар

"2019-жылга салыштырмалуу туризм багытындагы өнүгүү тескери динамиканы көрсөтүп калды. Көпчүлүгү кризис деп жатат. А чынында каатчылык эми болот. Себеби туризм менен жан баккан аймактарыбыз бар. Алсак, Ысык-Көл облусунун тургундары, ишкерлери турсезондо каражат таап, аны менен бир жыл жашайт. Быйыл андай болгон жок. Демек, алар мурда топтолгон, катылган каражаттарын колдонушууда. Ал акчалар деле акыры түгөнөт. Мына ошондо биздин экономика, коом үчүн кыйын убак келет. Албетте, учурда кышкы туризмди тосуп алууга даярдыктар көрүлүп жатат. Бирок медиктер боолголоп жаткандай эпидемиологиялык абал кайрадан начарласа, кышкы туризм тармагында кызмат көрсөткөн ишкерлер дагы катаал күнгө туш болушу ыктымал. Негизи эле бул вирус дүйнө жүзүндөгү туризмди эки доорго бөлүп койду", — деди Мырзабеков.

Ошондой эле ал туризм тармагына өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражат жеткиликтүү деңгээлде таканчык боло албастыгын кошумчалады.

4
Белгилер:
каатчылык, коронавирус, туризм
Тема боюнча
Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү
Дипломат Талгарбек Сарбанов (экинчи катарда) космонавттар Юрий Гагарин жана Валентина Терешкова менен Мехико шаарында. 1963 жыл

Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган

55
(жаңыланган 20:26 24.10.2020)
Бүгүн, 24-октябрда, КР дипломаттары кесиптик майрамын белгилеп жатат. Колумнист Алмаз Батилов өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлүп, алгачкы дипломаттар кантип тапталганын баяндап берди.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Бириккен Улуттар Уюму негизделе баштаган. 1945-жылы 4-11-февралда Ялта шаарында Гитлерге каршы күрөшкөн өнөктөш державалардын башчылары Иосиф Сталин, Франклин Рузвельт жана Уинстон Черчилль жолугуп, БУУ түзүү тууралуу сүйлөшкөн. Ошон үчүн 1944-жылы Советтер Союзунун жетекчиси Иосиф Сталин көрөгөчтүк кылып 15 союздук республикада Тышкы иштер министрликтерин түптөгөн. Анын максаты БУУда көпчүлүктү түзүү болчу. Ошентип 1944-жылы 17-марттан тарта Кыргыз ССРинин ТИМи иштей баштаган.

Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых

Кыргыз элинин тунгуч дипломаты Закон Турдукулов

(1928-1974)

Алгачкы карлыгач дипломат тууралуу уулу Феликс төмөнкүлөрдү айтып берди: 

— Атам кыргыз жаштарынын ичинен биринчилерден болуп Кыргыз мамлекеттик университетиндеги чет тилдер факультетинин англис тил бөлүмүн бүтүргөн. 1956-жылы жетекчилик анын зиректигин байкап Фрунзе шаарындагы комсомол аткаруу комитетинин биринчи катчылыгына дайындайт. 1957-жылы Москвада жаштар менен студенттердин VI дүйнөлүк фестивалына катышкан атамдын чет элдик делегациялар менен бат тил табышканын жана уюштуруу сапаттарын жетекчилик байкайт. 1958-жылы борбор аны жарым жылда дипломатия кызматына даярдоо үчүн Москвадагы эл аралык институту менен Советтер Союзунун ТИМине жөнөтүп, атам билимин жогорулатат. Ошол эле жылы алты ай Лондондо англис тилин дагы тереңдетип үйрөнөт.

1959-жылы ал Ирактагы совет элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындалат. Ошентип советтик дипломатияда кыргыздын ичинен алгачкы карлыгачы атам болду. Ал Жакынкы Чыгышта да элибизден чыккан биринчи дипломат эле. Себеби Иракты 1921-жылдан баштап 1958-жылга чейин Мухаммед пайгамбардын тукумдары Хашимит династиясы башкарган. 1944-жылы бул мамлекет СССР менен дипломатиялык мамиле түзүп, 11 жылдан кийин Москва менен бардык алаканы үзөт. 1958-жылы 14-июлда аларга каршы генерал Абдель Керим Касем тарапкерлери менен кутум уюштуруп, жыйынтыгында падышанын үй-бүлөсү жана буларга жакын элитанын көпчүлүгү өлтүрүлөт. Генерал Касем бийликке келип, республика түптөлгөнү тууралуу жарыялап, Советтер Союзу менен дипломатиялык мамилени кайрадан жандандырат. Ошол эле учурда Ирактын АКШ жана Улуу Британия менен мамилеси начарлайт. Бир жыл Багдадда атама жергиликтүү котормочу араб тилин үйрөтөт. Ошол эле учурда элчиликтеги жумуштан сырткары ал Ирактын борборундагы типографиялардын бирине жөнөкөй жумушчу болуп орношуп араб тилин дагы өркүндөтөт. Бир жылдан кийин атам араб тилинде эркин сүйлөп, жазганды үйрөнөт. Өлкөнүн ак сөөктөрү жана калктын башка катмары менен бат тил табышып, расмий Багдад менен Москванын ортосундагы мамилени чыңдоого зор салымын кошот. Мындай ийгиликтери үчүн СССРдин ТИМинин экинчи катчы наамы ыйгарылат. Ошол эле убакта атам Ирактын ички жана тышкы саясатынын багытын тыкыр изилдеп, Москвага так маалымат берип турган. 1961-жылы 7-ноябрда атам совет элчилигинде Улуу Октябрь революциясына байланыштуу салтанаттуу кече өткөрөт. Белгилей кетчү жагдай, дүйнөлүк дипломатияда мындай вазыйпаны элчи аткарат. Баш-аягы атам Иракта беш жылга жакын иштеди. Ал бул өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу илимий эмгегин жазып баштаган. СССР ТИМинин жетекчилиги аны Того республикасына (Батыш Африка) элчи кызматына сунуштаган. Бирок бул сунуштан атам үй-бүлөлүк шартка байланыштуу баш тартууга аргасыз болгон.

Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган

СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Полот Искаков

(1931-2015)

(Полот Искаковдун "Дипломат Советского Союза. Тридцать лет на дипломатической службе" аттуу өмүр баяны жөнүндө жазган китебинен үзүндү) 

Генконсул СССР в Алжире Полот Искаков. Город Оран 1987 год
© Фото / из семейного архива Искаковых
СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Полот Искаков

— 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин геология-географиялык факультетин аяктадым. Адегенде Кыргыз ССРинин комсомолунун Борбордук комитетинде иштедим. Бул кызматка мени Закон Турдукулов чакырган. 1961-жылы жетекчилик Москвадагы Советтер Союзунун ТИМинин курамындагы Жогорку дипломатиялык мектебине жиберди. Ушул жогорку окуу жайда француз тил бөлүмүндө үч жыл окудум. 1963-жылы Тунистеги СССРдин элчилигинде үч ай практика өттүм. Анткени 1881-1956-жылдары бул мамлекет Франциянын карамагында болчу. 1964-жылы Дипломатиялык мектепти ийгиликтүү аяктаган соң кайрадан мени Тунис Республикасындагы Советтер Союзунун элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындашты. (Белгилей кетчү жагдай, Полот Искаков Түндүк Африкада теги кыргыз дипломаттардын ичинен биринчи болуп иштеген — ред.). Тунисте маданий, ар түрдүү коомдук, саясий уюмдар менен байланыштар, экономиканын айрым тармактары жана консулдук багыт боюнча иштедим. Бир ирет Тунис шаарындагы жашаган теги орус ак эмигрант элчиликтин кеңсесине келип мени менен жолукту. Ал улуу орус композитору Сергей Рахманиновдун жеке катчысы экен. Бул эмигрант анын айрым күндөлүктөрүн, жазмаларын, фотографияларын жана ноталарын СССРдеги музейге өткөрүп берүүнү өтүндү. (1943-жылы Сергей Рахманинов АКШда каза болуп, сөөгү Нью-Йорк калаасынын жанындагы Кенсико көрүстөнүнө коюлган — ред.). Катчынын өтүнүчүн орундатып, элчи менен кеңешип, жогоруда айтылган архивди кабыл алып, Москвага жибердим. Ошентип Рахманиновдун баа жеткис мурасы Ата Мекенине кайтты.

CCCРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө үчүнчү катчы жана Мексикадагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы Талгарбек Сарбанов

(1927-2005)

(Архивдик материал) 

Консул Талгарбек Сарбанов с коллегой в Мехико. 1963 год
© Фото / из личного архива Советбека Сарбанова
CCCРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө үчүнчү катчы жана Мексикадагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы Талгарбек Сарбанов (оң жакта)

— 1957-жылы Ош облусунун комсомол комитетинде иштеп жүргөн учурда Фрунзеге жумуштарым менен келдим. Мени ошол убактагы Кыргыз ССРинин башчысы Искак Раззаков чакырды. Ал СССРдин ТИМинде иштөөнү сунуштады. Себеби советтик дипломатияда кыргыздар жокко эсе экен. "Ошко учуп барып жубайың менен кеңешип, кечинде жообуңду бер", — деди Искак Раззакович. Учуп келип, дароо эле Ош облусунун жетекчиси Борис Яковлев менен кеңештим. Ал: "Балам, эч ойлонбой Раззаковдун сунушуна макул бол, адамдын өмүрүндө мындай сунуш бир гана жолу болушу мүмкүн, бул оң ийниңе конгон дөөлөт", — деп сүрөп кетти. Эртеси Раззаковго макулдугумду берип, телеграмма жибердим. Дипломатияга жолдомо берген Искак Раззакович менен Борис Павловичке терең ыраазымын. Ошентип Түндүк жана Түштүк Америкада иштеген кыргыздан чыккан биринчи дипломат болдум.

Университетте ким болорумду билбей эле окугам. Элчи Нургазы Кемелбаев менен маек

Египет Араб Республикасында СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлү Шаршеналы Усубалиев

(1923-2006)

Белгилүү маданият ишмери Шаршеналы Усубалиевдин кызы Гүлнара атасынын дипломатиялык жумушу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: 

Посол Шаршеналы Усубалиев (слева второй) в Египте. 1974 год
© Фото / из личного архива Гульнары Усубалиевой
Египет Араб Республикасында СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлү Шаршеналы Усубалиев (солдон экинчи)

— Кыргыз ССРинин жетекчиси Турдакун Усубалиев менен атамдын ортосунда пикир келишпестик чыгат. Ошон үчүн Москва аны СССРдин коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин кадрлар резервине алып кеткен. Атамдын дипломатиялык карьерасы ошол жерден башталган десе болот. 1970-1971-жылдары бүткүл союздук «Совэкспортфильм» бирикмесинин Азия менен Африка өлкөлөрү боюнча ага консультанты болуп эмгектенди. Ошол эле учурда борбор ага чет мамлекеттерде иштөө үчүн англис тилин жана дипломатиянын эрежелерин үйрөткөн. Андан кийин 1971-1977-жылдары атам Египет Араб Республикасында жогоруда айтылган бирикменин өкүлү кызматына дайындалат. Ал Сирия менен Египет биргелешип Израилге каршы согушканына күбө болгон. Бул согуш СССР менен АКШнын кийгилишүүсү менен токтойт. 1976-жылы апам Паиза Дадабаева кайтыш болуп калды. Ошого карабастан атам Египетте дагы бир жыл иштеди. Бул өлкөдө иштеген күндөрү тууралуу ал «Нил боюндагы жаңырык» аттуу китеп жазган. 1977-жылы ал Кыргыз ССРинин Мамлекеттик киносунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги

1989-жылы Кыргызстанга белгилүү советтик жана россиялык илимпоз, мамлекеттик ишмер Евгений Примаков келди. Себеби Евгений Максимович Кыргыз ССРинин атынан СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган эле. Ал шайлоочулары менен жолукканы келгенде жергиликтүү аткаминерлер Примаковдун каалаганын аткарууга даяр экенин айтышат. Евгений Максимович атактуу маданият ишмери Шаршеналы Усубалиев менен жолуксам деген бир гана өтүнүчүн айтат. Биздин аткаминерлер аябай таң калып, атамды кайдан тааный турганын сурашат. "1970-жылдары аны менен Египетте таанышып,  курч кырдаалда чогуу иштегенбиз" дейт Примаков. Ошондо атамды таап Евгений Максимович менен кезиктиришет. Экөө тең капысынан жолукканына сүйүнүнүп, бири-бирин көрүп, абдан кубанышат. Канча жылдан кийин кезиккен эки үзөңгүлөш бир топко чейин чер жаза сүйлөшөт. Евгений Максимович дайыма атам тууралуу жылуу гана сөз айтчу. Анткени Примаков анын адамгерчилиги менен адискөйкүлүгүн аябай сыйлачу.

55
Белгилер:
кызмат, Африка, Ирак, Мексика, Кыргызстан, СССР, дипломатиялык ишмер, элчи
Тема боюнча
КР элчилиги коомчулукту дүрбөткөн дипломаттын кебине жооп кайтарды
Белгилүү дипломат Эрик Асаналиев көз жумду
Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты
Кант  авиабазасындаг аскер техникасы. Архивдик сүрөт

Кыргызстан "Кант" авиабазасын кеңейтүү сунушу түшсө карап чыгууга даяр

0
(жаңыланган 20:35 24.10.2020)
ТИМ башчысы өлкө бийлиги ЖККУнун "Кант" авиабазасын сактап калуу ниети күч экенин айтты. Казакбаев Россияда иш сапары менен болду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстан ЖККУнун "Кант" авиабазасын кеңейтүү боюнча сунуш түшсө, карап чыгууга даяр. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек курган тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

"Кант" базасы сакталып калышы керек. Бул биздин туруктуу позициябыз. Кол коюлган келишимдерди кайрадан карап чыгуу деген болбойт. Эгер Россия же ЖККУ мамлекеттери базаны кеңейтүү маселесин көтөрсө, биз сунушту карап чыгууга даярбыз. Албетте, талкуу жүрөт. Баары сунуш түшкөндөн кийин белгилүү болот", — деди Казакбаев.

Казакбаев бюджетти колдоо боюнча РФ президентинин өкүлү Козак менен сүйлөштү

"Кант" авиациялык базасы ыкчам аракетке келчү Жамааттык күчтүн бир бөлүгү болуп саналып, ЖКУУ мамлекеттеринин аба коопсуздугун камсыздайт.

Руслан Казакбаевдин маеги менен толук расмий тилде таанышууга болот.

0
Белгилер:
Руслан Казакбаев, сунуш, ЖККУ, макулдашуу, "Кант" авиабазасы
Тема боюнча
ТИМ: жылдын аягына чейин бюджет дефицити 450 млн. долларга жетет
ТИМ жетекчиси Казакбаев: өлкөдөгү башаламандыкка сырткы күчтөр да аралашты