Унаа жолдорунда жарамазан айткан 31 өспүрүм кармалды

© пресс-служба ГУВД Бишкека"Өспүрүм" деп аталган ыкчам-түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында жол жээгинде жарамазан айтып жүргөн 31 өспүрүм кармалды
Өспүрүм деп аталган ыкчам-түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында жол жээгинде жарамазан айтып жүргөн 31 өспүрүм кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар өспүрүмдөрдүн жарамазан айтуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып жана авариялык кырдал жаратып жолго чуркап чыгып жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. "Өспүрүм" деп аталган ыкчам-түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында жол жээгинде жарамазан айтып жүргөн 31 өспүрүм кармалгандыгын Бишкек милициясынын билдиришти.

Укук коргоо органдары саат 23.00дөн кийин ата-энесинин коштоосу жок тамактануучу жайларга, аянттарга, интенет клубдарга жана жолго чыккан балдарды кармады.

"Бардыгы болуп 106 бала кармалды. Анын ичинен 31и жол жээктериндеги кооптуу жерлерге жарамазан айтып жүргөндөр болуп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам, шаар милициясы ата-энелерге балдарын коопсуздугу үчүн, аларга тыкыр көзөмөл кылууну сунуштайт.

Ошондой эле жашы  жете элек балдар саат 23.00дөн кийин ата-энеси жок көчөгө чыгып, стадион, сейил бак, сквер, интернет-клуб сыяктуу жайларга бара барбашы керектигин эскертет.

Мурдараак айдоочулар өспүрүмдөрдүн жарамазан айтуу үчүн өз жашоосун тобокелге салып жана авариялык кырдал жаратып жолго чуркап чыгып жатканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0