Өкмөт уюлдук телефонго келген SMS-билдирүүлөргө түшүндүрмө берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовSMS-рассылка со строками из эпоса "Манас"
SMS-рассылка со строками из эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирүүдө "Манас" эпосунан алынган саптар камтылган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. "Манас" эпосунун саптарынан турган SMS-билдирүүлөргө өкмөт түшүндүрмө берди.

​Буга чейин социалдык тармактарда кыргыз тилинде келген билдирүүлөргө таң калган пайдалануучулардын пикирлери жарыяланган.

"Ыйман, адеп жана маданият жылы"
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп калды кыргыз деп,
Бөлөк элге кеп кетет. (Манастан)".

Элди биримдикке чакырган билдирүүнү өкмөт мобилдик операторлор аркылуу жиберип жатканын тастыктады. Бул иш-чара Ыйман, маданият жана адеп жылына байланыштуу жасалып жатканы айтылды.

"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0