Өкмөт ипотекалык насыя алуунун шартын жеңилдетүүгө ниеттенип жатат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ипотекалык компания өлкөнүн ар бир райондук жана облустук борборлорунда көп кабаттуу турак жай куруу үчүн инвестиция тартууну максаттап жатат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Өкмөт мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин жакшыртууну көздөп жатат. Мындай билдирүүнү биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев аталган маселе талкууланган ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында жасалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал өкмөт ипотекалык насыя алуунун шартын жеңилдетүүнү карай турганын айтты.

"Насыя алуунун жана карыздан кутулуунун шарты тууралуу документтерди толтуруу ыраатын ар бир жаран жакшы билиши керек. Бул "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасынын эле көйгөйү эмес, буга калк менен тыгыз иштеген жергиликтүү бийлик да баш оорутушу керек", — деди Абулгазиев.

Бүгүнкү күндө компаниянын уставдык капиталы 1,3 миллиард сосду түзөт. Насыяга учурда 1300 жаран ээ болгон. Ипотека менен алынган турак жайдын көбү Бишкек менен Ош шаарларында жайгашкан.

Өкмөт ипотекалык компания өлкөнүн ар бир райондук жана облустук борборлорунда көп кабаттуу турак жай куруу үчүн инвестиция тартууну максаттап жатканын белгиледи.

Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарттары тууралуу Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0