Депутат Айнуру Алтыбаеванын архивдик сүрөтү

Депутат Алтыбаева Улуттук кийим күнүн белгилөөнү сунуштады

55
Эл өкүлдөрү калпакты гана эмес, жалпы улуттук кийимди пропагандалоого кызыкдар.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Кыргызстанда жаңы майрам — Улуттук кийим күнү белгилөөнү сунуштады.

Жогорку Кеңештин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Депутаттын демилгеси боюнча, майрам 5-март күнү белгиленип келген Ак калпак күнү менен майрамдалмакчы. Алтыбаева эркектин же аялдардын баш кийимине эле эмес, жалпы улуттук кийимге тийиштүү көңүл бурулушу керек деп эсептейт.

"Бул токтом долбоору ата мекендик өнөр жай жана туризм тармактарына да жакшы таасирин тийгизет. Жергиликтүү модельерлердин көчмөн стилдеги кайталангыс кийимдерди жаратуусуна түрткү болот", — деп айтылат негиздемеде.

Эгер демилге ишке ашып калса, Ак калпак жана улуттук кийим күнү 5-март күнү белгиленип, иш күн боюнча кала бермекчи.

55
Белгилер:
кийим, ак калпак, Айнуру Алтыбаева
Тема боюнча
Көз жоосун алган улуттук кийимдер жана чимириле бийлеген балдар-кыздар
14-февраль сүйүү эмес, жароокерлик күнү катары майрамдалышы мүмкүн
Норканын терилери. Архив

Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды

2
(жаңыланган 11:14 13.06.2021)
Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылмакчы.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Израиль биринчилерден болуп аң тери буюмдарын сатууга тыюу салды. Бул тууралуу National Geographic жазды.

Жапайы жаныбарларды коргоо жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сурамжылоого катышкандардын 86 пайызы колдогон. Ал 2021-жылдын декабрь айында күчүнө кирет. Тиешелүү документке өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гимлиэль кол койгон.

Израилде мындан ары аң терилеринен тигилген кийимдер менен алардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга лицензия берилбей турганы айтылат. Мыйзам бузгандарга 75 миң шекель (23 миң доллардай) өлчөмүндө айып пул салынат же бир жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок мыйзамда бир нерсеге уруксат берилген: аң терилери илим-изилдөө иштеринде жана диний жөрөлгөлөрдө колдонулат. Бул хасид жамааттары (штраймл) кара териден тигилген баш кийим кийгендери менен байланыштуу.

Дүйнөлүк уюмдар бул кадамды "тарыхый жеңиш" деп атаган.

2
Белгилер:
мыйзам, тыюу салуу, сатуу, тери, жаныбарлар, Израиль
Тема боюнча
Кочкордогу фотокапканга түшкөн жаныбарлардын жаңы сүрөттөрү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Азыр тигүүчү, бычмачы, модельер эң керектүү кесип. Жапаровдун куттуктоосу

13
(жаңыланган 10:50 13.06.2021)
Бүгүн — жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү. Өлкө башчы өндүрүштүн жаңы талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо пландалганын айтты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров жеңил өнөр жайы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу жана стратегиялык маанилүү багыттарынын бири болуп саналарын белгилеген.

"Текстиль, кийим тигүү, бут кийим өндүрүү жана булгаары иштетүү ишканаларынын жетекчилеринин жана жумушчуларынын күжүрмөн эмгегинин аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык потенциалы жогорулап жатат. Ата мекендик жеңил өнөр жай продукцияларынын кеңири, сапаттуу жана жеткиликтүү ассортименти республиканын экспортундагы алдыңкы позицияларды кармап калууга, экспорттук негизги рыноктордогу суроо-талаптарды жана муктаждыктарды канааттандырууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.

Президент аталган тармакта мурунку муундун салтын сактап келген, жаңы технологияларды ийгиликтүү өздөштүргөн адистер эмгектенерин жана бул жеңил өнөр жайдын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн кошумчалаган.

Жеңил өнөр жай ишканалары республиканын эмгек рыногунда калкты олуттуу деңгээлде иш менен камсыз кылып, жарандардын жашоо сапатына оң таасирин тийгизүүдө деген.

"Тигүүчүлөрдүн, бычмачылардын, модельерлердин кесиби республикада эң көп талап кылынган адистиктердин катарына кирет. Ошону менен жакынкы мезгилде мамлекет тарабынан өндүрүштүн жаңы талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү каралууда. Мамлекет тарабынан ушул артыкчылыктуу тармакты колдоо боюнча иштер улантылат, ири долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөт, анын сапаттуу уюштурулушу он миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жана анын өнүгүү деңгээлинин жаңы масштабдарына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди президент.

Өлкө башчы Садыр Жапаров жеңил өнөр жайдын ар бир кызматкерине жана ардагерине ак ниет эмгеги, жалпы республиканын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн зор ыраазычылык билдирген.

13
Белгилер:
экономика, куттуктоо, Жеңил өнөр жайы, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Акылбек Жапаров: Түркия менен соода жүгүртүү 1 млрд. долларга жеткирилет
Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады