Казакстандык пранкерлер Instagram жылдызы Айжан Асемованы тамашага салды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы Instagram жылдызы Айжан Асемованын архивдик сүрөтү
Кыргызстандагы Instagram жылдызы Айжан Асемованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамаша учурунда Асемованын жакын курбусу аны көзү ачыкка алып барат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы Instagram жылдызы Айжан Асемованы казакстандык "Алма-Ата, штат Небраска" аттуу пранкерлер тобу тамашага салды. Аталган окуяны камтыган видео YouТube каналына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, пранкерлер Асемованы тамашага салуу үчүн атайын Бишкекке келишкен.

Тамаша учурунда Асемованын жакын курбусу аны көзү ачыкка алып барат. Ал жакка досунун суранычы менен барган Айжан ар кыл окуяларга тушугат.

 

Окуя тууралуу Instagram жылдызы өзүнүн баракчасына бөлүшкөн. 

 

"Тамашанын айынан 3 күн өзүмө келе албай жүрдүм. Чындыгында баары жогорку деңгээлде болду", — деп жазган ал.

Видеону 230 миң адам көрүүгө үлгүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0