Окумуштуулар адам өмүрүн узартуунун сырын табышты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКары адамдар. Архив
Кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөгө 33 миң эркек жана 30 миң аял катышкан.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Швециялык окумуштуулар адамдын өмүрүн узарта турган төрт жагдайды атады. Бул тууралуу РИА Новости Journal of Internal Medicine журналына таянуу менен жазып чыкты. 

Андагы маалыматка ылайык, иликтөөгө 33 миң эркек жана 30 миң аял катышкан.

"Изилдөөгө ылайык, көп кыймылдоо, тамекиден баш тартуу, ичимдикти ченеми менен ууртап-татуу  жана витаминдүү тамактарды мүнөздөп, туура ичүү адам өмүрүн узартаары аныкталды", — деп жазылат маалыматта.

Иликтөөгө курагы 45 жаштан 83 жашка чейинки адамдар катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0