"Алымбек датка" 39 жашта! Актер Азиз Мурадиллаев тууралуу 7 факты

© Фото / предоставлено Азизом Мурадиллаевым"Звезды" тоже были детьми
Звезды тоже были детьми - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн "Курманжан датка" тасмасындагы Кокон хандыгы тушунда кыргыздардан чыккан таасирдүү саясий ишмер Алымбек датканы образын жаратуу менен калың элге таанылган актер Азиз Мурадиллаев 39 жашка чыкты.

Журналист Гүлдана Талантбекова сырдуу жана муңдуу көз карашка ээ актер тууралуу кызыктуу 7 фактыны сунуштайт.

Алма сабагынан алыс түшпөйт

— Азиз Мурадилаев 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Атасы Үсөн Мурадилаев жана апасы КРдин Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева өмүрүн театрга арнаган инсандар. Экөө тең Бишкектеги Кыргыз драма театрынын алдындагы студияны, андан кийин Ташкенттеги театралдык окуу жайды аякташкан. Атасынын көзү өтүп кеткен, апасы азыркыга чейин актерлукту аркалап келет.

Эркин, Бакыт, Темир, Алымбек атыккан актер

Ырчы Токтобек Асаналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Булбул үндүү Токтобек Асаналиев 42 жашта! Ырчы тууралуу 6 факты
— Азиз мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз драма театрынын алдындагы училищеден, кийин Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайдан билим алган.

"Манастын уулу Семетей", "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты", "Играем Андерсона" баш болгон 40тан ашык спектаклде ойногон. "Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Актердун жараткан ролдору тууралуу "менин чыгармачылыгымда Алымбек датканын орду чоң экендиги талашсыз. Кээде мени көчөдөн кинодогу ар түрдүү аттар менен Эркин, Бакыт, Темир, Алымбек деп чакырышат" деп айтканы бар.

Кыздарды алдаган студенттик күндөр

— Азиздин студенттик күндөрү да кызыктуу окуяларга бай. Ал гезиттерге берген интервьюсунда төмөнкү окуяны эскерет. "Бир жолу кыздар-балдар болуп отуруш кылмай болдук. Кыздар дасторкон жасап, жигиттер шарап, ичимдик алмакпыз. Ал кез 1995-1996-жылдар, көп нерсе тартыш. Азыркыдай дүкөн толтура шарап, коньяк деген жок. Эмне кылабыз? Ойлонуп отуруп балдар өзүбүз шарап жасамай болдук. Атайын кооз формадагы бөтөлкөлөрдү таптык, даяр капкактарды сатып алдык. Эч кимибиз деле толук билбейбиз, уккандарыбызды туурап, "Инвайт" дегендерди аралаштырып кызыл-тазыл кылып коктейль жасадык. Аралашмабыздан түшүнүксүз эле бир нерсе чыкты. Аны үч бурчтук, төрт бурчтук болгон бөтөлкөлөргө куюп алып кыздарга бардык. Алар да мурда ичип көрүшкөн эмес экен, ууртап көрүп "жакшы экен, ээ…" деп коюшат. Биз сыр бербей отурабыз. Кийин айтсак, "желмогуздар, кайдан алдыңар эле бөтөлкөнү?" деп чычалап жүрүштү. Биз да тамашалап "таштандыдан алганбыз, бирок коркпой эле койгула, таза жууганбыз" деп койчубуз" деп айтканы бар. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовCаясий ишмер Алымбек датканы образын жаратуу менен калың элге таанылган актер Азиз Мурадиллаев
Интервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым - Sputnik Кыргызстан
Cаясий ишмер Алымбек датканы образын жаратуу менен калың элге таанылган актер Азиз Мурадиллаев

Курсташын көшөгөгө киргизип кеткен

— Чогуу окуган курсташы Элвира Жумалиевага баш кошкон. Жубайы тууралуу "ал башкалардан өзгөчөлөнбөгөн, кадимки жөнөкөй кыз болчу. Алгач жөн гана курсташ катары сүйлөшүп жүрдүк. Бара-бара жылдызыбыз келишип, сезимдер байкалбай жаралып кетти" деп айтканы бар. Учурда 20 жаштагы Шаа жана 10 жаштагы Саади аттуу уулдарды тарбиялашат.

Атак алып келген Алымбектин ролу

Актер и режиссер Аскат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Аймактык милиция 39 жашта! Аскат Сулайманов тууралуу 7 факты
— Актер "Курманжан датка" тасмасындагы Алымбек датканын ролу аркылуу чоң атак-даңкка жеткен десек жаңылышпайбыз. Кокон хандыгы тушунда кыргыздардан чыккан таасирдүү саясий ишмердин, күчтүү аскер башчылардын бири Алымбек датканын образын жаратуу актер үчүн күтүлбөгөн жерден болгон. Кесиптеш досторунун чакыруусу менен "Айтыш фильмге" барып калып, тасма жаратуучуларынын көзүнө урунган. Образды берүү үчүн эки ай сакалын өстүргөн.

Оору айтып келбейт

— Былтыр октябрь айында атактуу актер Азиз Мурадиллаевге боордун 4-даражадагы циррозу (кара сарык — ред.) диагнозу коюлган. Өлкө башчы Атамбаев актердун операциясы үчүн 500 миң сом, андан кийин 414 миң сом бөлгөн. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары да бир күндүк маянасын (231, 8 миң сом) которгон. Мындан сырткары, ырчылардын катышуусу менен концерт-марафон өткөрүлгөн. Ага октябрь айында Москва шаарында алгачкы операция жасалган. Ал эми Стамбул шаарынын "Memorial" клиникасында боорун алмаштыруу боюнча жасалган операциянын баасын 95 миң доллардан 30 миң долларга арзандатып берүүгө аталган клиниканын Борбор Азия боюнча адиси Фуркан Улусой көмөк көрсөткөн. Бирок Түркияга барганда профессор-гепатолог Корай Ажарлы экинчи операциясын жасагандан кийин боорунун иштеши жакшырып, калыбына келе баштаганын айтып, алмаштыруунун кажети жок экенин билдирген. Мурадиллаевдин үй-бүлөсү дарыгердин жакшы кабарынан кийин буга чейин чогулган каражатты муктаж болгондорго берүүнү чечкен.

Учурда актердун абалы жакшы, чыгармачылык менен алектенип жүргөн чагы.

Жаңылыктар түрмөгү
0