Чүмбөттөлгөн бет, туурулган кол. Шаардагы таштанды жайда иштеген балдар

Жазылуу
30 градус күндүн ысыгына, адам чыдагыс сасык жытка карабай шаардык таштанды төккөн жайда жумуш күндөгүдөй кызуу жүрүп жатыптыр. Тытынып иштеп жүргөндөрдүн арасында чоң кишилер менен катар жашы жете элек балдар-кыздарды да кездештирүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 12-июнь Балдар эмгегинин эл аралык күнүн утурлай мектепти таштандыга алмаштырып, окуу куралдарынын ордуна желим бөтөлкө, темир-тезек менен иштеп жан баккан балдардын жашоосуна күбө болуп келди. 

Таштандыдагы тагдырлар

Апам Россияда, эки бөбөгүмдү багыш керек. 7 жашар Эрмектин тагдыры - Sputnik Кыргызстан
Апам Россияда, эки бөбөгүмдү багыш керек. 7 жашар Эрмектин тагдыры
Кара түтүн каптап, каргалар айланып учкан таштанды жайда иштемек тургай жарым саат жүрүүгө мүмкүн эмес. Бирок бул жерден күнүмдүк жашоосуна нан таап жеп, ал тургай бутунан тургандар толтура. Кейиштүүсү — булардын арасында жаш балдардын иштеп жүргөнү.

14 жашар Данияр таштанды жайда жан багып жүргөнүнө жарым жылга чукулдап калыптыр. Атасынан эрте ажыраган бала апасы жалгыз иштегендиктен анын акчасы баарыбызга жетпейт деп өз акчасын өзү табат экен.

"Биз бул жерге жакын эле жашайбыз. Апам базарда соода кылат, менден кичүү бөбөктөрүм бар. Мектептен чыккандан кийин эч кимге айтпай бул жакка келип иштеп кичине акча кылып алып кетем", — деди Данияр. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКара түтүн каптаган таштандыда да жашоо уланууда
Мусорный полигон в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кара түтүн каптаган таштандыда да жашоо уланууда

— Бул жактан эмне кылып акча табасың?

— Желим бөтөлкө, коробка, темир-тезек чогултуп барып өткөрөм.

— Аның канча сом болот?

— Кээде 200, кээде 500 сомго чейин чогултам.

— Үй тапшырмасын аткарганга жетишесиңби?

— ...

Өспүрүм: таштанды тергенде мурда жүрөгүм айланчу, азыр көнүп калдым
Бир убакта таштанды талаасында кызуу иштеп жаткандар үстү толо калаадан келген унааларды көздөй жанталашып чуркап кетишти. "Эмне болуп кетти" деп жанына барсак, төгүлгөн жаңы таштандыны жанталашып сорттоп каптарына толтуруп жатышыптыр. Кичинелери "жакшыраак эмне чыга калат" деген ойдо үстүнө чыга калып таяктары менен чукулап жатышты.

Көбүнесе бири-бирин тааныгандар бизди көрүп чочуп, жанына барсак айрымдары качып кетип жатышты.

Кабына таштандыны жыя толтуруп, ийнине асып кичинекей эки кызын ээрчитип, элеңдеп бизди караган аялдын жанына барып баарлашып калдым. Алар да бул жерге татаал тагдырдын айынан келип калыптыр. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков12 жашар кыз апасына жардам берем деп Жалал-Абаддан окуусун таштап келген
Мусорный полигон в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12 жашар кыз апасына жардам берем деп Жалал-Абаддан окуусун таштап келген

"Атым Айнагүл, оор турмуштун айынан Жалал-Абаддан келип ушул жакта иштеп калдык. Кыздарымды окуудан чыгарып алганга аргасыз болдум, анткени жолдошум ооруп, бизди багаарга адам калбады. Бул жакта бир таанышым иштечү, ошол кел деп чакырып таштандыда иштеп калдым",— деди келин.

Айласы кеткенден бул кадамга барган аялдын үйүндө дагы эки кичине баласы бар экен. Ал эми жанында иштеп жүргөн кыздарынын бири 12 жашта болсо, экинчиси 15 жашка келип калган.

Балдар байланган бизнес

Базар сыяктуу таштанды төгүлгөн жер да балдар үчүн каражат чогултуп, жан баккан жайга айланган. Бул жакта желим бөтөлкөдөн сынык айнектерге чейин алган жеке алып сатуучулар бар экен. Балдар таштандыдан чогулткан "табылгала" — желим бөтөлкөнүн килограммын 5 сомдон, ал эми сынык айнектин килосун 2 сомдон өйдө өткөрүшөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековТаштанды ишкерлигин жакшы өздөштүрүп алгандар "чоочундарды" оңой менен киргизбейт
Таштанды ишкерлигин жакшы өздөштүрүп алгандар чоочундарды оңой менен киргизбейт - Sputnik Кыргызстан
1/5
Таштанды ишкерлигин жакшы өздөштүрүп алгандар "чоочундарды" оңой менен киргизбейт
© Sputnik / Табылды КадырбековЛюди, работающие на мусорном полигоне в Бишкеке
Жумушчулар көбүнчө желим бөтөлкө, айнек, темир-тезек чогултушат - Sputnik Кыргызстан
2/5
Люди, работающие на мусорном полигоне в Бишкеке
© Sputnik / Табылды КадырбековМальчик на мусорном полигоне в Бишкеке
Ата-энесине жардам берип жүргөн жеткинчек - Sputnik Кыргызстан
3/5
Мальчик на мусорном полигоне в Бишкеке
© Sputnik / Табылды КадырбековМолодой парень на мусорном полигоне на окраине Бишкека
Уулуу заттан, жаман жыттан сактанам деген балдар беттерин тумчулап алат - Sputnik Кыргызстан
4/5
Молодой парень на мусорном полигоне на окраине Бишкека
© Sputnik / Табылды КадырбековВид на Бишкек со столичного мусорного полигона
Ар биринин өзүнө тиешелүү аймагы болот. Ошол жерден табылгасын сорттошот - Sputnik Кыргызстан
5/5
Вид на Бишкек со столичного мусорного полигона
1/5
Таштанды ишкерлигин жакшы өздөштүрүп алгандар "чоочундарды" оңой менен киргизбейт
2/5
Люди, работающие на мусорном полигоне в Бишкеке
3/5
Мальчик на мусорном полигоне в Бишкеке
4/5
Молодой парень на мусорном полигоне на окраине Бишкека
5/5
Вид на Бишкек со столичного мусорного полигона

Каарманыбыз Данияр жалгыз иштеп бул жерден күнүнө 500 сомго чейин акча тапса, эки кызы менен Айнагүл эже жакшы иштесе 1000-1500 сомго чейин каражат чогултуп кетет.

"Бир күндө үчөөлөп жакшы иштесек 1000 сомдон өйдө акча табабыз. Айрым учурда кыздарымдын ден-соолугуна кабатыр болом. Бирок айла жок, мындай кадамга барганга аргасызбыз", — деди Айнагүл.

Мындан сырткары, "жумушчулар" темир-тезек, коробка өткөрүп кээде өзүнө керектүү буюмдарды дагы таап алышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКалаадан келген таштанды унаа жумушчулар үчүн жаңы "олжодой" сезилет
Мусорный полигон в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Калаадан келген таштанды унаа жумушчулар үчүн жаңы "олжодой" сезилет

Мыйзам эмне дейт?

Үмүтсүз — шайтан... Баспай калган 12 жашар Тилек далай дабанды ашарына - Sputnik Кыргызстан
Үмүтсүз — шайтан… Баспай калган 12 жашар Тилек далай дабанды ашарына көзү жетет
Мыйзам, Эмгек кодекси боюнча бала паспорт алып, 18 жашка чыккыча иштегенге болбойт. Ал эми таштанды жайда иштөөгө таптакыр эле тыюу салынган. Шаардык таштанды жайды көзөмөлдөгөн "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Болот Асаналиевдин айтымында, таштанды жайда негизи жашы жете элек балдар иштегенге уруксат берилген эмес. Бирок бул жайдын тегерек-чекеси ачык болгондуктан айрым учурда жакын жашаган конуштарда жашаган балдар кирип кетет экен.

"Таштандыда иштеген жашы жете элек балдар жок дебейбиз. Анткени айлана-тегерегинин баары ачык болгондуктан жанындагы конуштардын балдары кирип кетишет. Бирок бул жакта аларды карап көз салган адамдарыбыз бар. Байкап калса дароо тартип сакчыларына өткөрүп беришет",— деди Асаналиев.

Бирок эмнегедир биз барган учурда кичине балдар жүрсө да аларды кет деп кубалап же иштетпей койгон адамдарды, кызматкерлерди көрө алган жокпуз.

Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы координатору Амина Курбанованын айтымында, Кыргызстан боюнча 2014-2015 жылдары жашы жете элек балдардын эмгеги тууралуу жүргүзүлгөн иликтөө боюнча өлкөдө 7500 бала кара жумушта иштей турганы аныкталган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТаштанды жайда бир гана балдар эмес өспүрүм кыздар да иштейт
Мусорный полигон в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Таштанды жайда бир гана балдар эмес өспүрүм кыздар да иштейт

"Биз иликтөөнү Эмгек кодексине ылайык баланын жашына, жумасына канча жолу иштээрине жана окууну калтырган күндөрүнө карап жүргүздүк. Балдардын ден-соолугуна коркунуч алып келе турган жумуштар бул таштанды, мал союучу жайлар, тамеки талаасы жана башкалар. Таштанды жайда иштеген балдардын онкологиялык ооруларга кабылуу коркунучу күч. Анткени, биринчиден, бул жерден чыккан уулуу заттар дем алуу органдарга терс таасир этсе, дагы көп инфекцияларды да жугузуп алуусу толук ыктымал. Ош облусунда да мал союучу жайларда иштеген жашы жете элек балдар көп экен. Ал жерден да өспүрүмдөр бруцеллез, эхиноког илдеттерине кабылуусу ыктымал", — деди Курбанова.

Ал мындай учурга көбүнчө жакыр үй-бүлөдөн чыккан балдар кабыларын кошумчалады.

"Жүргүзгөн иликтөөбүздө көбүнчө кара жумушка турмуш шарты жетишпеген үй-бүлөнүн балдары тартылат. Бирок муну көңүлкош калтырып койбой чара көрүшүбүз керек. Ал үчүн мамлекет жок дегенде ошол үй-бүлөгө көңүл буруп, үйүндө көп бала же майып адам болсо жетиштүү жөлөк пул төлөп берип, алардын балдарын мектепке тартууга аракет кылып, медициналык көзөмөлдөн өткөрүп турушу керек", — деди Амина Курбанова.

Өлкөдө канча өспүрүм балдар эмгегине тартылган?

Жаңылыктар түрмөгү
0