Бишкекте суу басымы эмнеге азайды? Себебин мэрия түшүндүрүп берди

© AFP / FRED TANNEAUСуу краны. Архив
Суу краны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкананын башкы инженери Владимир Игнатенконун айтымында, суу басымынын азайышы жай мезгилинин келиши жана ысык суунун өчүрүлүшү менен байланыштуу.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкектин жогорку бөлүгүндөгү кичи райондордо акыркы күндөрү муздак суунун басымы начарлап, айрым жерлерде араң чыгып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине шаар тургундары Whatsapp каналы аркылуу билдирди.

"Бир канча күндөн бери кичи райондордо суунун басымы начарлады. Өзгөчө 6-кичи райондо айрым убакта суу азайып, араң эле агып калып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жай эми башталып жатканына карабай, суунун мынча аз келишине кабатыр болгон шаардыктарга жооп алып берүү максатында "Бишкексууканал" ишканасына кайрылдык.

Мекеменин башкы инженери Владимир Игнатенконун айтымында, суу басымынын азайышы жай мезгилинин келиши жана ысык суунун өчүрүлүшү менен байланыштуу.

Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыйуу - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: Токтоналиев көчөсүндөгү кыйылган бактын ордуна 200 көчөт отургузулат
"Жайдын келиши менен ар кандай максаттарда суу көбүрөөк колдонуларын баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Суу ар кайсы жакка бөлүнүп жатканына байланыштуу тармактагы суу басымы азайып кетти. Экинчиден, азыр Бишкекте ар бир батирде суу жылытуучу аппараттар коюлган. Демек, учурда муздак суу муздак суунун гана эмес, ысык суунун дагы ордун толтуруп жатат. Анан, албетте, суу азаят", — деди Игнатенко.

Ошондой эле ал ысык суу берилери менен мурдак суу мурдагыдай эле басымга келерин кошумчалады.

Эске салсак, быйыл Бишкек шаарында ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0