Мугалимдердин пенсиясы 10 миң сомго чейин көтөрүлүшү ыктымал

Жазылуу
Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, 20-25 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер 5 миң 173 сом эмес – 10 346 сом, ал эми 25 жылдан ашык иштегендери 12 933 сомдук пенсияга чыгышат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында депутаттар мугалимдердин пенсиясын көтөрүүнү демилгеледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эл өкүлү Евгения Строкова эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, 20-25 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер 5 миң 173 сом эмес – 10 346 сом пенсия алып калышарын айтты.

"25 жылдан ашык иштегендери 12 933 сомдук пенсияга чыгышат. Бул эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн бюджеттен 1 миллиард 140 миллион сом керектелет", — деди Строкова.

Ал эми депутат Алмазбек Токторов бир гана мугалимдердин эмес, медициналык кызматкерлердин да айлыгы, пенсиясы аз экенин айтып, алардыкын да жогорулатуу зарылдыгын билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0