Чон-Таш айылындагы Ата-Бейит мемориалдык комплекси. Архив

"Ата-Бейит": жарым кылым ың-жыңсыз жаткан кайрандар. Чүкөдөй кемпир ачкан чындык

4021
(жаңыланган 15:06 13.06.2017)
Кайсы жерге көмүлгөнү белгисиз болуп келген 137 кишинин аты дайын болуп, 1991-жылы август айында элдин катышуусу менен жерге берилген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Түрмөгө жалган жалаа менен камалып жана атылган 137 кишинин сөөгүн атайын автоунаа эки күн бою ноябрдын түндөрү ташыптыр. Сөөктөрдү ээн калган кирпич заводдун мешине каршы-терши ыргытып, үстүнөн топурак менен жаап салган дешет…

© Sputnik / Эмиль Садыров , Акылбек Батырбеков
Тоо түбүндөгү "Ата-Бейит". Трагедиялуу тагдырлар, ата-бала Айтматовдор жаткан жай

Жашыруун көмүлгөн сөөктөр ың-жыңсыз 53 жыл жатып, кийин гана аны чүкөдөй болгон кемпир бийликке билдирип, ал иш ачыкка чыккан. Мамлекеттик масштабда иликтөө иштери башталып, ошол жерден табылган 137 сөөк биздин түшүнүк менен айтканда, ак кепинделип, бала-чакасынын, элдин, бийликтин катышуусу менен кайрадан көмүлгөн.

Биз сөз кылып жаткан жай Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан болгону 30 чакырым алыстыкта жайгашкан "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси.

Жарым кылымга жакын туугандары, балдары дайын-дарегин, кайсы жерге көмүлгөнүн билбей келген 137 кишинин аты дайын болуп, 1991-жылы август айында элдин катышуусу менен жерге берилген.

Ошентип, аталган комплекс кыргызстандыктар үчүн мааниси зор, зыярат кылып, өткөндөргө таазим кылуучу жайга айланган.

19 улуттун каймак жигиттери

Маалыматтарда репрессиялангандар 19 улуттун өкүлдөрүнөн тургандыгы айтылып келет.

  • 1938-жылы 5-8-ноябрда кыш заводунун мешине, дал ушул жерге 137 адамдын сөөгү үстү үстүнө ташталып, көмүлгөн.  Учурда ал жер айнектелип, үстү жабылган
    1938-жылы 5-8-ноябрда кыш заводунун мешине, дал ушул жерге 137 адамдын сөөгү үстү үстүнө ташталып, көмүлгөн. Учурда ал жер айнектелип, үстү жабылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 1916-жылдагы Үркүн трагедиясына арналган мемориалдык комплекс. Былтыр, 2016-жылы улуу Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына карата орнотулган
    1916-жылдагы Үркүн трагедиясына арналган мемориалдык комплекс. Былтыр, 2016-жылы улуу Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына карата орнотулган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 1937-38-жылдары репрессия курмандыктарына коюлган эстелик
    1937-38-жылдары репрессия курмандыктарына коюлган эстелик
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык комплекс
    Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык комплекс
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган мемориалдык комплекс
    2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган мемориалдык комплекс
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
1938-жылы 5-8-ноябрда кыш заводунун мешине, дал ушул жерге 137 адамдын сөөгү үстү үстүнө ташталып, көмүлгөн. Учурда ал жер айнектелип, үстү жабылган

Ал жерге кыргыз элинин каймактары, Кыргызстандагы интеллигенция өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган адамдар жатат. Ал жерден Юн Сан Син, Хунлава Харти аттуу фамилияларды да кезиктирүүгө болот.

Ошол кезде атасынан керээзин зиректиги менен эстеп калып, унчуга албай жүрүп, кийин гана чүкөдөй кемпир болгондо ачыкка чыгарган Бүбүра Кыдыралиева болбогондо, 137 киши ың-жыңсыз калат беле?..

"Ата-Бейит" комплексинин жетектөөчү адиси Өктөм Кадырова 137 киши камалып турган абак туурасында айтып берди.

"Тарыхый маалыматтарга таянсак, 137 киши азыркы Бишкек шаарындагы Токтогул — Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги абакта кармалып турган. Кыязы, ошол жерден аларды атып, андан кийин бул аймакка ташып келип, сөөктөрдү заводдун мешине шашылыш түрдө ыргытып, үстүн топурак менен жапкан", — деди Кадырова.

Армандаган Айтматов "өх-хх…" дегенде. Жанаша жаткан ата-бала

Алардын ичинде атасынын кайда катылганын билбей калганын айтып армандаган Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун сөөгү да табылган. Ал жер үлкөн жазуучунун сунушу менен "Ата-Бейит" деп аталган.

Тагдырдын буйругун караңыз, кийин Чыңгыз Айтматов каза болгондон кийин сөөгү атасынын жанына, "Ата-Бейитке" коюлду. Зар какшап, атасынын сөөгү кайда жатканын билбей бир кезде издеген уулу мезгили келгенде атасынын жанынан түбөлүккө жай алды. Ошентип, "Ата-Бейит" кыргызстандыктар, дегеле Чыңгыз абанын чыгармачылыгын билгендер үчүн баасы бийик жайдын бири болуп калды…

Репрессияга жанашкан Үркүн менен Апрель революциясы

Кийин "Ата-Бейиттин" аймагында 2010-жылы болгон апрель революциясында көз жумган мекендештерибиздин 27өөнүн сөөгү коюлду. Ошентип, 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган мемориалдык комплекс пайда болду.

Ал эми былтыр 1916-жылдагы Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына арналып, алардын урматына атайын мемориалдык комплекс ачылды.

Ошентип, "Ата-Бейит" оңой эмес тагдырларга кабылган, өмүрү, каны менен тарых жараткандардын жаткан жайына айланды.

Бул материалды жөн жерден "Кыргызстандагы кыя өтпөгөн жерлер" рубрикасынан берип жаткан жокпуз, окурман. Өткөндү эстеп, аны кийинки муундарга айтып, дей жүрөлү деген ниет.

4021
Белгилер:
репрессия, Ата-Бейит мемориалдык комплекси, Үркүн, Апрель окуялары
Тема боюнча
Тоо түбүндөгү "Ата-Бейит". Трагедиялуу тагдырлар, ата-бала Айтматовдор жаткан жай