Болот Ибрагимов: сөгүп, мени түртүп жиберген милиционердин жазалануусун талап кылам

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул кызматкерлеринин кызматкерлери. Архив
Кайгуул кызматкерлеринин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык активист Кайгуул милициянын кызматкери менен кер-мур айтыша кеткен.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жарандык активист Болот Ибрагимов өзүн орой алып жүргөн Кайгуул милициянын кызматкерин жазалоону талап кылууда. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Активисттин айтымында, окуя 12-июнда болжол менен 8.00дөрдө Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Семетей көчөсүнүн кесилишинде болгон.

"Мен унаа айдап бара жаткам, бир убакта милиция авариялык кырдаал жаратып күтүлбөгөн жерден жолго чыга калды. Мен токтоп ага эскертүү берсем, жооп кылып мени сөгүп кирди. Унаадан чыгып барып учурашканымда ал менин колумду кысып өзүнө тартты, мен да аны өзүмө тартсам кайра түртүп жиберди. Анан кер-мур айтыша кеттик", — деди Ибрагимов.

Бишкек Кайгуул милициясы өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин сыйлады - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте нөшөргө карабай кызмат өтөгөн милиционерлер сыйланды
Андан кийин Ибрагимов инспектордон көкүрөгүндөгү видео байкоо иштейби деп сураганда ары бурулуп кетип жол кыймылын жөнгө сала баштаганын айтат.

Мындан улам ал ШИИБдин коопсуздук кызматына видео байкоодо жазылгандарды карап чыгып инспекторго карата чара көрү боюнча арыз жазган.

Ал эми ШИИБдин маалымат кызматы Ибрагимовго орой мамиле жасалбагандыгы боюнча далилдер бар экенин айтып, бирок кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0