Улуу Британиянын КРдеги элчиси түстүү байпагы менен мактанды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети twitter пользователя Robin Ord-Smith. Фото ног в черных туфлях и цветных носках
Снимок с социальной сети twitter пользователя Robin Ord-Smith. Фото ног в черных туфлях и цветных носках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Улуу Британия кош салыкты жокко чыгаруу боюнча келишимге кол коюшту. Ал иш-чарага Орд-Смит дагы катышкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит өзүнүн Twitter социалдык баракчасына түстүү байпагынын сүрөтүн жарыялады.

Элчи өз жарыясында КР Экономика министрлигинин өкүлдөрү менен эки мамлекет ортосунда кош салыкты жокко чыгаруу боюнча келишимге кол коюуга баратканын жазган.

​Орд-Смиттин мындай билдирүүсү КР интернет колдонуучулары арасында түрдүү пикирлерди жаратты.

Алардын бири Денис Бердаков Facebook баракчасына элчи абдан тамашакөй экенин айтып, маанайды көтөргөн пост болгонун белгилеген.

​Буга чейин Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун байпагы да талкууга алынган. Ал "Жылдыздар согушу" тасмасынын сюжеттери түшүрүлгөн байпакты Ирландиянын премьери Энда Кенни менен жолугушууга кийип барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0