Психологдор жалгыздыктын кишиге таасирин аныктап чыгышты

© Sputnik / Табылды КадырбековТемир жол менен басып бараткан адамдын архивдик сүрөтү
Темир жол менен басып бараткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер эгоцентризм жалгыздыкты шарттай тургандыгын түшүндүрүп беришти.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар жалгыздык адамга кандай таасир берерин иликтеп чыккандыгын РИА Новости EurekAlert!, порталына шилтеме кылып билдирди. 

Илимий эмгек Personality and Social Psychology Bulletin журналына жарыяланган.

Жалгыздык менен эгоцентризмдин ортосундагы байланышты изилдеген Чикаго университетинин окумуштуулары 11 жыл бою 229 кишиге байкоо салган.

Алар өтө жаш эмес, 50дөн 68ге чейинки курактагылар болгон.

Эксперттер эгоцентризм жалгыздыкты шарттай тургандыгын түшүндүрүп беришти.

"Жалгыздыктын эгоцентризмге таасир берерин билгенбиз, бирок биз алган натыйжа көптөр үчүн күтүүсүз болду", — дешкен алар.

Окумуштуулар эми адамдардын жалгыздыкка кабылуусун кантип азайтса болот деген иликтөөнү өткөрүүгө ниеттенип турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0