Үч баласы менен жалгыз калган энеге кайрымдуулуктан чогулган каражатка Чүй облусунун Степное айылында алты бөлмөлүү үй курулду

Чиедей үч баласы менен жалгыз калган эне жаңы үйүнө көчүп кирди

1255
(жаңыланган 14:54 15.06.2017)
Өткөн жылы жаш балдары менен баш калкалар үйү жок, ижарага батир алып күн кечирип келген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Үч баласы менен калган жалгыз бой аял кайрымдуулуктан чогулган каражаттын эсебинен жаңы конуштуу болду. Бул туурасында "Кайрымдуу бол" кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Азамат Байматов билдирди.

Эскерте кетсек, өткөн жылы жаш балдары менен баш калкалай турган үйү жок, ар кайсы аймакта ижарага батир алып күн кечирген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган. Ага үстүбүздөгү жылдын март айында кайрымдуулук фонддун көмөгү менен Чүйдүн Степное айылынан алты бөлмөлүү турак жай салына баштаган.

  • Үч баласы менен калган жалгыз бой аял кайрымдуулуктан чогулган каражаттын эсебинен жаңы конуштуу болду
    Үч баласы менен калган жалгыз бой аял кайрымдуулуктан чогулган каражаттын эсебинен жаңы конуштуу болду
    © Фото / Бактыбек Байматов
  • Эскерте кетсек, өткөн жылы жаш балдары менен баш калкалай турган үйү жок, ар кайсы аймакта ижарага батир алып күн кечирген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган.
    Эскерте кетсек, өткөн жылы жаш балдары менен баш калкалай турган үйү жок, ар кайсы аймакта ижарага батир алып күн кечирген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган.
    © Фото / Бактыбек Байматов
  • Ага үстүбүздөгү жылдын март айында кайрымдуулук фонддун көмөгү менен Чүйдүн Степное айылынан алты бөлмөлүү турак жай салына баштаган.
    Ага үстүбүздөгү жылдын март айында кайрымдуулук фонддун көмөгү менен Чүйдүн Степное айылынан алты бөлмөлүү турак жай салына баштаган.
    © Фото / Бактыбек Байматов
1 / 3
© Фото / Бактыбек Байматов
Үч баласы менен калган жалгыз бой аял кайрымдуулуктан чогулган каражаттын эсебинен жаңы конуштуу болду

"Турак жай 2,5 ай дегенде курулуп бүттү. Мындан эки күн мурун Айжамал балдары менен жаңы үйүнө көчүп кирип жашай баштады. Буюрса июль айынын башында жаңы конушуна той беребиз. Аны курууга кайрымдуу мекендештерибиз акчалай жардам көрсөтүштү. Ошондой эле курулуш материалдарын саткандар жана усталар жеңилдетилген баа менен кызмат кылышты", — деди Байматов.

Өз кезегинде турак жайлуу болуп кубанып турган Мамырова жалпы коомчулукка ыраазычылыгын билдирди.

Байматов дагы да кайрымдуулук иштери уланып учурда маршрутка жууп иштеп жаш балдарын жана улгайган апасын баккан жалгыз бой келинге Бишкектин Алтын-Ордо конушунан үй куруу иштери башталганын кошумчалады.

1255
Белгилер:
турак-жай, кайрымдуулук, Айжамал Мамырова
Тема боюнча
Көлдө аз камсыз 9 үй-бүлөнүн турагын Финляндия элчилиги акысыз жылуулап берди
Чиедей үч баласы менен калган жалгыз бой энеге 6 бөлмөлүү үй курулуп жатат
Нарында аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө бирден музоолуу уй берилди
10 жылдык: классташтар айылдагы аксакалды кредитке батырбай, там салып беришти
Ресторан. Архив

Бишкек мэриясы кафе-ресторандардын ишине чектөө киргизди

105
(жаңыланган 21:25 16.06.2021)
Борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Эртең, 17-июндан тарта, Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча шаар жетекчисинин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилигинин алдында болгон эпидемиологиялык абал боюнча жыйында белгилүү болду.

Мэриянын маалыматына караганда, буга шаарда коронавирус инфекциясына карата абалдын оор болуп турганы себеп болууда.

“Бишкекте көңүл ачуу жайлар саат 23.00дөн 07.00гө чейин жабылышы керек. Бирок тамак жеткирип берүү кызматтары мурдагыдай тартипте эле иштей берет. Мындай чектөөлөр абал жакшырганга чейин сакталат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле коомдук транспортто дезинфекциялоо иштери, санитардык нормалардын сакталып жатышы боюнча рейддерди күчөтүү сунушталды.

Эске салсак, борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.

105
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Кол чатыр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

17
17-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +27…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарын өрөөнүндө +19…+24 градуска жетет.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +30…+32 градусту көрсөтөт.

17
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

0
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

0
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады