Ысык-Көлдөгү аэропорт башка жактын учактарын кабыл алат

© Sputnik / Табылды КадырбековТамчыдагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту. Архив
Тамчыдагы Ысык-Көл эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи каттам 30-июнда Ош шаарынан келет. Андан кийин чет элдик учактар каттап баштайт.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Тамчыдагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 30-июндан тарта аба каттамдарды кабыл ала турганын "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматы билдирди.

Биринчилерден болуп Оштон келген учак конот. Учактар Ош — Ысык-Көл — Ош каттамы боюнча ар жума жана жекшемби күндөрү учуп турат.

Жума:

  • Учуп келүү — 10:25, учуп кетүү — 11:30;

Жекшемби:

  • Учуп келүү — 18:10, учуп кетүү — 19.00.

4-июлда Алматы менен Ташкент шаарларынан каттамдар келсе, 6-июлда Новосибирск калаасынан аба кемелери учуп келип конот.

Быйыл Казакстандан дүйшөмбү, бейшемби жана жума күндөрү Алматы — Ысык-Көл — Алматы багыты боюнча туруктуу сегиз каттам уюштурулат.

Дүйшөмбү:

  • Учуп келүү – 9:50, учуп кетүү — 10:40 (QAZAQ AIR);

Бейшемби:

Учуп келүү – 10:20, учуп кетүү – 11:20;

Алматы — Ысык-Көл — Алматы (Sky Bus):

Дүйшөмбү, бейшемби жана жума

  • Учуп келүү – 09:00; 17:30;
  • Учуп кетүү — 09:45; 18:45.

Ошондой эле шейшемби жана шаршемби күндөрү Ташкент жана Новосибирскиден аба каттамы уюштурулат.

Ташкент — Ысык-Көл —Ташкент багыты (Green Tour Service):

  • Шейшемби күнү учуп келүү— 08:10, учуп кетүү — 12:40.

Новосибирск — Ысык-Көл — Новосибирск ("Сибирь"АК):

  • Шаршембиде учуп келүү— 08:50, учуп кетүү — 09:50.

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын баасы жана картасы менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0