Элдин эсин оодарган экинчи аял. Кызыл чеке болгон соцтармак

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарга кире калсаң эле көп аялдуулук боюнча "тытышып", кызыл чеке болуп жаткандарга көзүң урунат.

Карап отурсаң арасында бул маселени чечүүнүн "гениалдуу" жолдорун айткандары дагы бар. Бүгүн биз Facebook тармагында экинчи, үчүнчү, төрттүнчү келинчектер боюнча ориганалдуу ой толгогондордун жылмайткан постторун жарыялап коюуну туура көрдүк.

Келининин укугун коргогон Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова келинин токолдордон сактоо үчүн атайын дүкөнгө барып, сковородка сатып келгенин жазды. "Уулум менен келинимин бөлмөсүндө ар бир кыргыздын үйүндөгүдөй эле камчы илинип турчу. Эми камчынын жанында сковородка илинет. Келинимди капа кылуу баламдын түшүнө да кирбейт эми. Прощай экинчи, үчүнчү, төртунчү келин", — деп жазылган анын постунда.

Эки аял алган эркек мышыкка окшошпу?

"5-каналдын" кызматкери Бакыт Качкынов эки аял алам деген эркектерди ойлондура турган пост жазды. "Эки катын алам деп оолуккан эркектердин эсине. Ушинтип үйүңөргө кире албай каласыңар эй, эшигиңерди маданияттуу тыкылдатып", — деди Качкынов каалганы акмалап турган мыкшыкты көрсөтүп.

Каражандардын пикирине кызыккан Семетей Талас уулу

Журналист Семетей Талас уулун кыз-келиндердин пикири кызыктырды.

Бакир уулу журналист кыздын эркек эместигине өкүндү

Ал эми көп аялдуулуктун дайымкы колдоочусу Турсунбай Бакир уулу эки аял маселесин көтөрүп чыккан Назира Бегим аттуу айымдын эркек болуп калбаганына катуу өкүнүп жатканын жазды.

Бир аялды бага албай…

Изатбек Мусаев аттуу интернет колдонуучунун көп аялдуулук боюнча жазган посту бир топ аялдардын жүрөгүн жылытты окшойт. Ал эркектерге "бир аялды бага албай жатып, төрт аялды кыялданбагыла" деген сунушун айтыптыр.

Коркунуч

Интернет колдонуучу Эмил Мажитовду токолго дагы "мүйүз" чыгары тынчсыздандырат.

Жеңелерден корккон байкелер

Аскат Максатбек уулу аттуу жаран үйлөнгөн агаларынын жеңелерден корккондуктан, экинчи аял боюнча өз ой-пикирин кенен-кесири айта албай кыйналып жатканын жазды.

Эки күйөөгө тийүүгө болобу?

Ал ортодо эки күйөө тууралуу маселе көтөргөн жаш журналист Айпери Ганыжан кызынын посту бир топ жигиттерди чычалатып койду.

Алгандын бергени бар

Бүгүн экинчи аялды мыйзамдаштырсак, эртең аялдар экинчи күйөөнү талап кылышы мүмкүн экенин айтып чыккан журналист Алишер Ташматов ал көрүнүштү элестетип, жүрөгү шуу дей түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0